Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Сулайман-Тоо: үч миллион сомдун доосу


Оштогу Сулайман-Тоо улуттук, археологиялык музей комплексинде үч милилон сомдон ашык акчанын дайыны чыкпай жатат.

Маданий жайдын директору каражат мурдагы бухгалтер Мая Айтиевага эки жылдык айлык акы, эмгек өргүү үчүн которулганын билдирген. Мурдагы эсепчи болсо бул акчанын баарын алган деген дооматты четке кагып, башка себептер менен которулган акча тууралуу документтерге музейдин башчысы кол койгонун айтууда.

Сулайман-Тоо музейинде дайыны чыкпай жаткан акчага байланыштуу козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек.

Активист Бурул Усманали "Фейсбуктагы" баракчасына 20-майда маданий жайдагы коррупция тууралуу жазып чыкты. Анда музей текшерилгени жөнүндөгү айрым документтерди дагы тиркеди. Активист буга байланышуу маданий жайдын башчысынын атын атады.

"Султан Абдырахмановдун тиешеси бар. Өзүндөгү иштерди да аял кишиге оодарып койгон. Азыр ал аял ооруп жаман абалда жатат. Өзү жетекчи болуп туруп бардык жоопкерчиликти кол алдындагы кишиге үйүп койду", - деп жазды Усманалиева.

Сулайман-Тоо музейинин илимий кызматкери, археолог Эмирлан Мырзабеков Бурул Усманалиеванын айткандарына кошулат.

Эмирлан Мырзабеков
Эмирлан Мырзабеков

“Бурул Усманалинин 3 миллион сом тууралуу жазганы боюнча февралда өткөн чогулушта директор айткан. Анда 3 миллион сомду Мая Айтиева өзүнө которуп алыптыр деген. Менин пикиримде, 3 миллион сом деген 300 сом эмес. Бул чоң акча. Бул жерде карап, тактап жоголгон акчаны кайтарышы керек болчу.”

Сулайман-Тоо музейинин жетекчиси Султан Абдырахманов дайыны чыкпаган акча тууралуу текшерүүчү органдарга өзү кайрылганын айтып жатат. Ал 2019-2020-жылдары музейдин ошол кездеги бухгалтери Мая Айтиева өзүнө айлык акы жана эмгек өргүүсү үчүн деп которуп алган деп билдирди.

Музейдин жетекчисинин ырасташынча, акча "Демирбанктан" Айтиеванын жеке эсебине которулуп, бир дагы документке кол койгон эмес.

Султан Абдырахманов
Султан Абдырахманов

“Бул жердеги документтердин биринде да менин колум жок. Эгер мен кол койгонумда өзүм демилге көтөрүп текшерттирбей, колдон келгенче жашырганга аракет кылмакпыз. Биз муну менен өзүбүздү пиарлап же мурдагы бухгалтерди күнөөлөйлү деген жерибиз жок. Биз мыйзамдуулугун тактап бергиле деп укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз.”

Өзүнүн арызынын негизинде ушул жылдын башында кызматтан алынган Мая Айтиева дооматты четке кагып жатат. Ал ишти адилет, калыс иликтеп чыгуу керек деп эсептейт. Музейдин мурдагы бухгалтери каражаттын баары жетекчиликтин макулдугу менен которулганын жана ага Султан Абдырахмановдун да тиешеси бар экенин кошумчалады.

“Мен 3 миллион сомду жеп-ичип алган эмесмин. Ошол эле учурда директордун колу коюлбаса бир да акча которо албайм. Ансыз "Демир банк" да, казына да кабыл албайт. Бул жерде директор конкреттүү эле тиешеси бар”.

Бул ишке байланыштуу былтыр сентябрда Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Финансы полициясы иш козгогон. Өкмөттөгү кыскартуулардан улам бул мекеме жоюлуп кетип, ишти тергөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова министрлик укук коргоо органдарынын териштирүүсүнөн кийин чара көрөт деп билдирди.

Салтанат Аманова
Салтанат Аманова

"Бул иш тууралуу социалдык тармактарга маалымат чыккан учурда дароо реакция жасап, тактаганбыз. Азыркы учурда Ош шаардык милициясы ишти тергеп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин сотко өтөт. Соттун жыйынтыгы менен министрлик чара көрөт".

Улуттук маанидеги тарыхый жайды 2018-жылга чейин Абдыкайым Кангелдиев жетектеген. 2018-жылдын февраль айында ырчы Самара Каримова дайындалып, коомчулуктун катуу сынынан улам бир күндөн кийин кайра кызматтан алынган. Андан көп өтпөй музейдин башчылыгына Султан Абдырахманов келген.

Тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев Сулайман-Тоо музейинин кейиштүү абалын кадр тандоодогу жаңылыштык менен да байланыштырды.

Жолдошбек Бөтөнөев
Жолдошбек Бөтөнөев

“Жетекчилерди тандоодо чоң адашуулар болуп жатат. Тил билген, ар кандай долбоорлорду жаза билген адамдарды алып келиш керек эле. Эгер Сулайман-Тоо коңшу мамлекеттерде жайгашып калганда алар биз сөз кылып жүргөн экинчи Меккеге айлантат болчу. Бир сөз менен айтканда, биз Сулайман-Тоону көрсөтө албай жатабыз”.

Сулайман-Тоо музейи 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Уюмдун талаптарына ылайык, тоонун жака белинде курулуш ишин жүргүзүүгө болбойт, болсо дагы 10 метрден ашпашы керек.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG