Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Эки айыл Өзбекстандан Казакстанга өттү


Багыс айылы. 7-апрель, 2021-жыл.
Багыс айылы. 7-апрель, 2021-жыл.

Расмий Нур-Султан казак-өзбек чек арасындагы Багыс жана Хиёбон калктуу конуштарын Түркестан облусунун аймагына кошту. Дээрлик 20 жылдан бери бул эки айылдын тургундары үй-жайын, жер тилкесин расмий каттай албай келишкен.

Мурда Өзбекстанга таандык болгон Багыс жана Хиёбон эми расмий түрдө Казакстандын Түркестан облусунун аймагына киргизилди. Тийиштүү токтом шейшембиде Казакстандын премьер-министринин сайтына жарыяланды.

"Казак өкмөтү жалпы аянты 795,62 гектарды түзгөн Багыс жана Хиёбон калктуу конуштарынын жерлерин Түркестан облусунун чек араларына кошуу жана Түркестан аймагынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды" деп жазылат билдирүүдө.

Казакстандын "Tengrinews.kz" сайты 2002-жылы эки өлкөнүн туңгуч президенттери казак-өзбек чек арасынын талаштуу тилкелери тууралуу келишимге кол койгонун эстеди. Ага ылайык, Багыс менен беш калктуу конушу бар Арнасай дамбасы Өзбекстандан Казакстанга өткөн.

Кызыл-Суу облусунун Кара-Калпак аймагындагы Нсан-1, Нсан-2, Баймурат жана Туркестанец айылдары болсо Өзбекстанга өткөрүлүп берилген. Ал эми Хиёбон 2004-жылы өкмөттөр аралык комиссиянын чечими менен Казакстандын аймагына кирген.

Багыс айылынын картасы. Жергиликтүү администрация жана маслихаттын (жергиликтүү кеңеш) башчылары тарабынан кол коюлган. 7-апрель, 2021-жыл.
Багыс айылынын картасы. Жергиликтүү администрация жана маслихаттын (жергиликтүү кеңеш) башчылары тарабынан кол коюлган. 7-апрель, 2021-жыл.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жогорудагы маалымат тууралуу азырынча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" казак кызматы Багыс айылынын айрым тургундары менен байланышып, бул конуш картада көрсөтүлбөгөнүнөн улам анда жашагандар бир топ жылдан бери документтерин инвентаризациядан өткөрө албай жүргөнүн жазды. Тургундар чек ара тууралуу токтом кабыл алынганынан кабардар эмес экенин айтышкан. Айрымдары болсо аталган айылдын Түркестандын аймагына кошулгандыгы тууралуу жаңылыкка ишенбей жатканын билдиришкен.

Ал арада Түркестан облусунун Сарыагаш районунун жер мамилелери бөлүмүнүн башчысы Нуржан Кокеев аймакта жер тилкелеринин каттоо башталганын кабарлады.

"Облустук акимчилик Сарыагаш аймагына айтылган айылдардын жерлерин киргизүү маселесин чечүү үчүн токтом кабыл алышы керек. Ушул күнгө чейин Багыс айылынын 67 тургуну жана Хиёбон айылынын 23 тургуну турак жай курууга документтерин тапшырган. Эми каттоо жараяны башталат".

Быйыл март айында Казакстандын вице-премьер-министри Эралы Тугжанов баштаган жумушчу топ чек арадагы айыл тургундары менен жолуккан. Анда айылдыктар мүлктөрүн, жер тилкелерин каттай албай жатканын айтып, аймактагы дагы башка маселелер тууралуу арызданышкан.

Мунун натыйжасында калктуу конуштар расмий макам алып, чек аралары бекитилип, жер тилкелери менен мүлктөрүн инвентаризациялоо аяктаган.

Эки жумадан кийин Сарыагаш районунун акимчилиги жана маслихатынын токтомуна ылайык, Багысты Сарыагаш районунун Акжар айыл аймагына, Хиёбонду болсо Сарыагаш районунун Куркелес айыл өкмөтүнө кошуу сунушталган.

Жергиликтүү администрация жана маслихаттын (жергиликтүү кеңеш) башчылары кол койгон Хиёбон айылынын картасы. 24-апрель, 2021-жыл.
Жергиликтүү администрация жана маслихаттын (жергиликтүү кеңеш) башчылары кол койгон Хиёбон айылынын картасы. 24-апрель, 2021-жыл.

Көп өтпөй казак өкмөтү июлда аймактын алты айылы көгүлтүр от менен камсыз болорун, кийинки жылы Багыста 300 орундуу мектеп куруларын убада кылып кетишкен.

Багыс Чымкенттен 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерди 1200 адам байырлайт. Айыл тургундары 2001-жылы "көз карандысыз өлкө түзүү" жөнүндө эки ача билдирүү жасаганы менен белгилүү. Алар Казакстанга же Өзбекстанга таандык экенин тактоо үчүн эки мамлекеттин бийлигин тез арада көйгөйдү чечүүгө чакырышкан. Акырында Багыс Казакстанга өткөнү менен бул айыл эч качан Казакстандын картасына түшүрүлгөн эмес.

Багыстыктар дээрлик жыйырма жылдан бери үйлөрүн жана жерлерин каттай албай келишкен. Жергиликтүү акимчилик Багыс Казакстандын картасында белгиленбегенинин себебин ал “ратификацияланбаганы” менен түшүндүрүп келген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG