Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленди.
Шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырып шайлашат.
Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (RK)