Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Мүйүзү арааланган эликтер башка жаныбарларга алмашылган


Иликтөө аяктагыча бул эликтер Баткен облустук айлана-чөйрөнү коргоо департаментине өткөрүлгөн.
Иликтөө аяктагыча бул эликтер Баткен облустук айлана-чөйрөнү коргоо департаментине өткөрүлгөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткенден кармалган жарандын машинесиндеги эликтер “Бугу эне” коомдук фондуна тиешелүү экенин кабарлады.

Мамлекеттик экотехинспекция бул эликтер Каракол шаарындагы зоопарктан төө куштарга алмаштырылганы боюнча маалымат таратты.

“Бул Европа эликтери (Dama dama) 2012-жылы Казакстандан Каракол шаарындагы “Бугу эне” зоопаркына алынып келинген. Быйыл, 12-апрелде “Бугу эне” коомдук фонду Курбанов аттуу жаран менен келишим түзгөн. Курбанов беш баш эликтин ордуна эки Африка төө кушун, “Битал” пародасындагы эки эчки жана эки тоту куш берген. Мындай маалыматты Караколдогу зоопарктын жетекчиси Сеитова билдирди”, - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Мекеме Курбанов аттуу адам кайсы өлкөнүн жараны экенин тактаган жок.

Өткөн аптада УКМКнын алдындагы чек ара кызматы Баткен облусунун Кадамжай районунан беш баш эликти машинесине салып бара жаткан жаранды кармаган. Машинедеги төрт эликтин мүйүзү арааланган.

Териштирүү учурунда айдоочу эликтерди Өзбекстанга алып бара жатканы аныкталган жана жаныбарлардын тийиштүү документтери болгон эмес. Шектүү катары Курбанов аттуу жаран кармалган.

Бул фактыны Кадамжай райондук милициясы териштирип жатат. Иликтөө бүткүчө жаныбарлар Баткен облустук айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин карамагында болот.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин эсебинде Кыргызстанда 4 миңдин тегерегинде элик бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG