Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

COVID-19: Алты бейтап каза болду, 305 кишиден аныкталды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек.
Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1540ка жетти.

15-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 305 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (186), андан кийин Чүй облусунда (89), Ысык-Көл облусунда (12), Ош шаарында (7), Талас облусунда (4), Жалал-Абад облусунда (4), Баткенде (2), Нарында бир учур аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан дээрлик эки эсе арбын катталууда.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 144, айыккандар 86 491 кишини түздү. Бир күн аралыгында 178 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1010 бейтаптын 27синин абалы канааттандыраарлык, 685и орто оор, 263ү оор, 35 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1139га жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG