Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн чектеш облус башчыларынын жолугушуусу өтөт


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Кийинки аптада Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 23-апрелге мерчемделген үч тараптуу жолугушуу Өзбекстандын Фергана шаарында өткөнү жатат. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация катышат.

Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согд облустарынын ишкерлеринин “Чек ара аймактарын интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги” деген бизнес-форум болот. Өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташтык талкууланат. (JsA)

XS
SM
MD
LG