Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Байден элин сабырдуулукка чакырды


АКШ. Миннесота штатындагы каршылык акциясы. 12-апрель. 2021-жыл.
АКШ. Миннесота штатындагы каршылык акциясы. 12-апрель. 2021-жыл.

АКШнын Миннесота штатынын Бруклин-Сентер шаарчасында полиция жаңылып атып алган афроамерикалыктын өлүмүнөн улам келип чыккан башаламандык эки күндөн бери токтой элек.

Президент Жо Байден аймактын тургундарын тынчтыкты сактап, коомдук тартипти бузбоого чакырды. Полиция башчысы каза тапкан жигитке кандайча ок жаңылганы тууралуу түшүндүрмө берди.

20 жаштагы афроамерикалык Данте Райтка ок атылганына нааразы болгон жүздөгөн адам Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентердеги полициянын кеңсесинин алдына топтолду.

Митингдин катышуучулары полициянын эки машинесин ташбараңга алып, эки ортодо кагылыш болду. Полиция көздөн жаш агызчу газ, кулак тундурган граната колдонду.

“Полиция азыр сокку бериш керек деп ойлоп жатат. Ооба, алар тартипти карашы керек. Бирок алар мында агрессияга алдыруу эмес, кызмат өтөп, коргоо үчүн турушу керек”, – деди окуянын күбөсү Каролин Хансен.

АКШ президенти Жо Байден жергиликтүү калкты коомдук тартипти сактоого чакырды. Ал жигиттин өлүмү тартылган видеотасма менен таанышканын айтты.

Жо Байден "Биз кайгы менен кастыкты түшүнөбүз. Бирок бул зомбулук менен талкалоону актабайт" деп билдирди.

Афроамерикалыктын өлүмүнүн жагдайы аны кармоо учурунда полициянын төшүндөгү камерага тартылып калган. Бул тасма окуядан бир күндөн соң жарыяланды.

Миннесота штатынын полиция башчысы Тим Гэннон ага кокустан ок жаңылганын тасмадан көргөзүп, жагдайын айтып берди:

“Мага белгилүү болгондой, шектүү ал жерден качууга аракет жасаган. Аны токтотуп, кармайын деген аял полиция кызматкери ага электршокерди колдоном деп жатып, жаңылышып, тапанчадан атып алган” ,– деди полиция башчысы Тим Гэннон.

Полиция жетекчилиги бул окуяны "күтүүсүз кырсык" деп атады жана штаттагы каршылык акциясына чыккандарды зордук-зомбулуктан алыс болуп, карманууга чакырды.

20 жаштагы афроамерикалык тектүү жаранга ок аткан полиция кызматкери бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу кызматынан четтетилди.

Бруклин-Сентер шаарчасынын мэри окуянын толук себептери иликтенерин убада кылды.

Мындан бир жыл мурун полициянын колунан каза таап, анын айынан ушул эле штаттын аймагында тополоң чыккан дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун окуясы учурдагы кырдаал менен салыштырылууда. Анда айрым полиция кызматкерлери каршылык акциясына чыккандардан тизе бүгүп, кечирим сурашканы белгилүү.

Данте Райттын өлүмүнөн соң ага нааразы адамдардын тобу жергиликтүү полиция башкармалыгынын имаратына чогулуп, кагылышууга жана башаламандыкка алып келген калайман каршылык акциялары башталган.

Иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча полиция афроамерикалык Данте Райтты машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтотуп, документтерин текшере келгенде, аны камакка алуу тууралуу ордер бар экени аныкталган. Ошол учурда Данте Райт полициянын мыйзамдуу талабына баш бербей, аталган жерден машинесине отуруп, качууга аракет кылган. Бул учурда полиция кызматкерлеринин бири анын машинесин карай ок чыгарган. Бирок Райт бир нече көчөнү аралай качып, башка бир машинени сүзүп, токтогон. Ал полициянын огунан алган оор жараатынан улам ошол жерде үзүлгөн.

Былтыр май айында аталган штатта полиция күч менен кармаганда мерт болгон дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун окуясынан улам АКШда тоз-тополоң менен коштолгон калайман каршылык акциялары өткөн. Бул акциялар бир нече айга созулуп, жергиликтүү тургундар Жорж Флойддун өлүмүнө тиешеси бар полиция кызматкерлерин кармап, жазалоону талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG