Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Мусулмандар пандемиялык шартта орозо кармай башташты


Дүйнөдөгү мусулмандар орозону ушуну менен экинчи жыл катары менен пандемиялык чектөөлөрдүн шартында кармап жатышат. Буга байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирустун жайылышын алдын-алуу үчүн бир катар чектөөлөр киргизилди. Сауд Арабиясынын бийлиги эл көп топтолбосун деп, мечиттерде ифтар жана соор уюштурууга тыюу салды. Падышалыктын бийлиги өлкөгө коронавируска каршы эмделген зыяратчыларды гана киргизерин эскерткен.

Түркияда соңку күндөрдө ооругандар кескин көбөйүп кеткендиктен бийлик жаңы чараларды жарыялаганы жатат. Буга чейин 29-мартта дем алыш күндөрү зарыл иши болбосо сыртка чыгууга тыюу салынган жана ресторан, кафе, башка тамактануучу жайлардын иши чектелген.

Египет өткөн орозодо мечиттерди убактылуу жапкан, бирок кийин жума намаздарына уруксат берген. Быйыл айрым чектөөлөр менен тарабих намазды мечиттерде окуса болот.

Коменданттык саат киргизилген Иордания менен Тунисте тарабихти мечиттерде окууга жол берилбейт. Иранда Нооруз майрамынан кийин ооругандар көбөйгөндүктөн, өткөн дем алыштан тартып 10 күндүк карантин жарыяланды.

Пакистанда мечиттер ыйык ай учурунда ачык болгону менен, динзарлар беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү жана 50 жаштан ашкандар киргизилбейт. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги чектөөлөр көз жаздымда калышы ыктымал деп чочулайт.

Эң көп калктуу өлкөнүн – Индонезиянын бийлиги орозо айтта элдин чоң шаарлардан айылдарга агылышын алдын алуу үчүн эки жакка каттоого чектөө салганы жатат.

XS
SM
MD
LG