Түркиянын ракета кыймылдаткычынын сыноолору Стамбулдун жанындагы Шиле (Şile) аймагында өткөнү жекшембиде расмий маалымдалды. Анкара Айга учуруу долбоорун эки баскычта (2023- жана 2028-жылдары) жүзөгө ашыраары күтүлүүдө.
Түркия космостук иликтөөлөрдү жүргүзүү алкагында Айга учуруу долбоорун аткаруу үчүн гибрид ракета кыймылдаткычын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу 11-апрелде Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк (Mustafa Varank) «Твиттердеги» барагында билдирди.
"Улуттук космостук программанын алкагында Айга учуруу долбоорунун биринчи баскычы болгон катуу ылдамдыкта конуу чарасына даярдыктарыбыз улантылууда" (Milli Uzay Programı kapsamındaki Ay Misyonunun ilk aşaması olan sert iniş için hazırlıklarımız sürüyor), – деди Варанк мырза.
Гибрид ракетанын кыймылдаткычынын сыноосу тууралуу түркчө видео тасманын шилтемеси. 2021-жылдын 11-апрели.
«Anadolu» кабар агенттигинин маалымдашынча, сыноолор Түркиянын Стамбул вилайетинин түндүк-чыгыш тарабындагы Кара деңиздин түштүк-батыш жээгиндеги Шиле (Şile) аймагында жүзөгө ашырылган.
Эми сыноонун кийинки айлампасы май айында өлкөнүн түндүгүндөгү Синоп шаарынын жанында жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, дагы бир «Sonda» ракетасынын кыймылдаткыч системасы сынактан өткөрүлдү.
Бул иш-аракеттер президент Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнүн дымактуу көп жылдык космостук программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Расмий Анкара Айга учуруу долбоорун 2023- жана 2028-жылдары эки баскычта жүзөгө ашырууга беленденүүдө.
Оболу түркиялык аралыктан башкарылуучу космос кемеси (uzay aracı) 2023-жылы Жердин жандоочусунун кыртышына кондурулууга тийиш. Айга туңгуч учуруу ишин Түркия эл аралык компаниялар менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырат. 2023-жылы Түркия Жумуриятынын негизделгендигине жүз жыл болот.
Анкара бул мааракеге карата Ай мүдөөсүнүн алгачкы баскычын жүзөгө ашырууга белсенип жатат. Мында космос кемесинин Айга кондурулушу катуу ылдамдыкта конуу ыкмасында аткарылат.
Ал эми 2028-жылы жумшак конуу ыкмасы жүзөгө ашырылууга тийиш.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган быйыл 9-февралда улуттук космос программасын расмий жарыялады.
Башка иш-чаралардын катарында Анкара өзүнүн космостук майданын түзүү, Түркиянын жаранын космоско учуруу, ошондой эле, жарандык жана аскердик муктаждыктар үчүн жаңы спутниктерди учуруу аракеттерин көздөп жатат.
Өнөр жай жана технология министри жыл башында айткандай, бул космостук программа Түркияны "космостук иликтөө чөйрөсүндөгү ак сөөктөр тобуна" чыгарууга багытталган.
Анкаранын космостук демилгеси өлкөдөгү коронавирус жана башка шарттарга байланыштуу калыптанган оор экономикалык кырдаалдан улам жергиликтүү оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн сын-пикирлерине да кабылды.
Түркиянын космостук учууга зарыл ракетанын гибриддик кыймылдаткычын сыноосу жалпы адамзаттын космоско учкан алгачкы өкүлү, советтик космонавт Юрий Гагариндин тарыхый учуусунун 60 жылдык мааракеси белгиленээрден бир күн мурда ийгиликтүү жүргүзүлдү.
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин (09.3.1934 – 27.3.1968) советтик «Восток-1» космос кемеси менен 106 мүнөттүн ичинде орбитаны бир ирет айланып, аман-эсен жерге конгон. Ал оболу Казакстандагы “Байкоңур” космос майданынан Москва убакыты боюнча таңкы 09:07де учуп чыккан. Орбитада жүргөндө ал өзүнүн алган таасирлери тууралуу үн тасмага сүйлөгөн, тамак жеген, суусундук ичкен, айтор, өндүрүштүк жеңил сыноолорду жүргүзгөн.
Юрий Гагарин атмосферага сүңгүп кирген кемеден катапульт ыкмасы аркылуу бөлүнүп чыгып, парашют менен жерге конгон. Ошентип, 106-мүнөттөн соң, саат 10:53тө дүйнөдөгү туңгуч космонавт учуусун ийгиликтүү аяктаган.
Он жыл мурда, 2011-жылы, советтик космонавт Юрий Гагариндин космоско учкандыгынын 50 жылдык мааракесинин ирегесинде БУУнун Башкы жыйыны 12-апрелди “Адамзаттын космоско учуу күнү” (International Day of Human Space Flight) деп жарыялаган.
Азырынча космос мейкиндигине бир гана кыргызстандык космонавт – Салижан Шарипов учкан. Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. Совет доорунда кыргызстандык илимпоздор да космосту иликтөө иштерине үзүрдүү катышкан.