Украинанын президенти Владимир Зеленский марттан бери абал чыңалып турган Донбасска 8-апрелде барды.
Украинанын чыгышындагы эки дубанда Киевдин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин салгылашуусу акыркы апталарда күч алууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы соңку күндөрү Донецк менен Луганск аймактарында ок атышууну токтотуу шарттары бузулган жүздөгөн учурларды каттаган.
Президент Зеленский өзүнүн "Твиттердеги" барагында: «Донбасстагы бул оор күндөрдө мен биздин аскерлер менен бирге болгум келет. Украинага тынчтык керек, ал үчүн (өлкө) бардыгына даяр», – деп жазды.
Украинанын чыгышындагы абалды орусиялык аскер күчтөрдүн чектеш аймактарда топтолуп тургандыгы ого бетер чыңалтып жатат.
Расмий Киев орус тарап Донецк менен Луганск аймактарындагы орусиячыл жикчилдерди коргоо керектигин шылтоолоп, басып кириши мүмкүн деп чочулап турат.
Эл аралык коомчулук дагы Орусия бийлигин өз аскерлерин Украина менен чектеш аймактарга жайгаштырууну күчөткөнү үчүн сындады. Дүйнөлүк басылмалар төрт миңге чукул орус аскери Украинанын чек арасына жайгаштырылганын жазышкан.
Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Орусиянын аракеттери «бул аймактагы туруктуулукка кайрадан коркунуч жаратканын» белгилеп, Кремлди айыптады.
8-апрелде АКШ жанаТүндүк атлантикалык аскердик ынтымактын (НАТО) өлкөлөрү тараткан билдирүүдө «Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендиги кыйшаюусуз колдоого алынаары» айтылат.
Вашингтон Москвадан украин чек арасындагы чагымчыл аракеттердин максаты тууралуу түшүндүрмө талап кылган.
Соңку күндөрү украин президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байденден тышкары Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон телефондон байланышып, Киевге өз колдоосун көрсөттү.
Жонсон менен болгон сүйлөшүүдө Зеленский Улуу Британиядан жана анын өнөктөштөрүнөн алардын жакын коңшусу катары турумдарын күчөтүүнү суранган.
«Орусиянын акыркы иш-аракеттери Украинанын, НАТОго мүчө мамлекеттердин жана бүткүл Европанын коопсуздугуна олуттуу шек келтирүүдө» деп айтылат Зеленскийдин кеңсеси жарыялаган билдирүүдө.
Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышып, Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу үчүн орус-украин чек арасындагы аскер күчтөрүн кыскартууну суранды.
Кремлдин билдирүүсүндө болсо, Владимир Путин «чагымчылдыкка Киевди» күнөөлөп, украин бийлиги Донецк менен Лугансктагы козголоңчулар менен тил табышуусу керек деп белгилегени айтылат.
Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мырзанын: «Орусия өз аймагында аскерлерин кайда которууну өзү чечет, бул эч кимди беймаза кылбашы керек» дегени бар.
Украинанын чыгышындагы абалды чыңалтуу боюнча Батыш өлкөлөрүнүн соңку айыптоолорунан кийин Путиндин администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак Киев Донбасста аскерий аракеттерди баштаса, бул «Украинанын түбүнө жетет» деп Путиндин айткан сөздөрүнө шилтеме кылды.
Козак Илимдер академиясынын эксперттери менен жыйында: «Өрт кандай масштабга чыгаарынан көз каранды. Биздин президент айткандай, ал жакта Сребрицина болсо, анда биз өз жарандарыбызды коргоого мажбур болобуз», - деген.
Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров федералдык «1-каналга» маегинде: «Украинанын чыгышында дагы бир жаңжал чыгарууну каалагандар өлкөнү биротоло кыйратат», - деп айткан.
Ошол эле маалда «Conflict Intelligence Team» тобу Интернетке чыккан маалыматтарды иликтеп, орусиялык аскерлердин бир тобу Украинанын чек арасынан 250 чакырым алыстыктагы Воронеж облусунда топтолуп жатканын ачыктады. Иликтөөчүлөр тобу чек ара жактан социалдык түйүндөргө чыккан фото-видеолордогу аскердик техникалардын көбү Орусиянын Борбордук аскердик округунан алынып келинип жатканын белгилешет.
Иликтөөчүлөрдүн баяндамасы: «Украин аскерлери Орусиянын чек арасынан өтүп, баскынчылык аракеттерди жүргүзүүсүн элестетүүгө мүмкүн эмес. Ал эми Донбасстагы жикчилдердин топторуна колдоо көрсөтүү үчүн аскерлерди Ростов облусунда жайгаштыруу туура болмок. Ошон үчүн орус күчтөрүнүн Воронеж облусунда топтолгону - коргоонуучу эмес, баскынчылык мүнөзгө ээ десек болот», - деп жыйынтыкталат.
2014-жылы февралда Крымга белгисиз куралчан топтор басып кирип, бир айда Крым жана Севастополь шаарында «ыктыярдуу түрдө Орусияга кошулуу» тууралуу референдум өткөрүлгөн. Андан соң Владимир Путин референдумдун жыйынтыктарын шылтоолоп, Крым жарым аралы Орусияга «бириктирилгендигин» жарыя кылган жана "белгисиз" делген жоокерлерди Крымга Кремль өзү аттандырганын расмий мойнуна алган.
Украина, Европа Биримдиги, АКШ баш болгон жүзгө жакын өлкө Крымдын зомбулук менен каратылып алынышын айыптап, аны Орусиянын бөлүгү катары тааныбастыгын, Украинанын гана бөлүгү катары санашаарын билдирип келишет.
Орусия Крым жарым аралын каратып алгандан кийин өлкө чыгышындагы жикчил күчтөр Кремлдин тымызын жана ырааттуу колдоосу астында баш көтөрүп, Украинанын чыгышындагы айрым аймактарды көзөмөлгө алышкан. Андан бери Донбасстагы куралдуу жаңжалда набыт болгондор 14 миңден ашты.