Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

COVID-19: Кыргызстандыктардын теңинен көбү вакцина алгысы келет


SinoPharm компаниясынын вакцинасы.
SinoPharm компаниясынын вакцинасы.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрилиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешип жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Кыргызстанда калктын 55% вакцина алгысы келет жана ага даяр. Аталган министрлик коронавируска каршы эмдөөнү элдин теңине жакыны колдобой жатканына тынчыздануу билдирип, вакцина тууралуу коомчулукка көбүрөөк маалымат берүү керектигин билдирди.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG