Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Армения шайлоо шарттарын өзгөрттү


Тоолуу Карабак боюнча келишимге каршы чыгып, Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар. Ереван, Армения. 2020-жылдын 12-ноябры.
Тоолуу Карабак боюнча келишимге каршы чыгып, Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар. Ереван, Армения. 2020-жылдын 12-ноябры.

Армян парламенти 1-апрелде өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Арменияда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык парламенттин кийинки чакырылышы партиялык тизме менен шайланып келген депутаттардан гана куралат. Мурдагыдай эле шайлоодо партиялар добуштардын бери дегенде 5 пайызын, саясий блоктор эң кеминде 7 пайызды утуп алышса гана парламентке кире алышат.

2018-жылга чейинки чакырылыштагы парламенттик шайлоодо армениялыктар партиялардын өздөрүн жактап да, андан тышкары аймактык шайлоо тилкелери аркылуу да талапкерлерге өзүнчө добуш беришчү, башкача айтканда, аралаш мажоритардык-пропорционалдык система өкүм сүргөн..

Өлкөдөгү бийликчил «Менин кадамым» фракциясы пропорционалдык шайлоо системасына толук өтүүнү сунуштап, 1-апрелде мыйзамчылар көпчүлүк добуш менен бул сунушту колдоп беришти.

Ал эми оппозициядагы «Агартылган Армения» менен «Гүлдөгөн Армения» партиялары бул мыйзам долбооруна бойкот жарыялап, добуш берүүгө катышкан жок.

Оппозициялык "Агартылган Армения" фракциясынын башчысы Эдмон Марукян башкаруучу фракцияны алдамчылыкка айыптады. Анын айтымында, бийлик Европа Кеңешинин Венеция комиссиясына бир долбоорду жиберип, таптакыр башка долбоорду парламентке сунуштады.

Армян оппозициясы премьер-министр Никол Пашинян кайра бийликке келүү үчүн шайлоо мыйзамдарын өзүнө ыңгайлаштырып жатат деп сындап чыкты.

Пашинян былтыр 9-ноябрда Тоолуу Карабактагы ок атышууларды токтотуу боюнча келишимге макул болгондон кийин көпчүлүктүн каарына калган. Анын кызматтан кетишин талап кылгандар мөөнөтсүз нааразылык жүрүштөрүнө чыгып, Ереванда борбордук аянттар менен парламенттин имаратын курчап алышкан.

Саясий кризистен чыгуу үчүн Пашинян алгач парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда 20-июнда өткөрүүгө макул болуп, андан соң шайлоонун камын көрүү үчүн премьер-министрликтен кетээрин билдирген.

Өкмөт башчы Пашинян: «Апрелде бийликтен кетем. Мен кызматты тапшыруу үчүн эмес, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн бийликтен чегинип жатам. Премьер-министрдин милдетин аткарууну улантам. Эгер силер менин мандатымды дагы бекемдеп берсеңер, биздин команда мурдагыдан да жакшы иштеп беребиз. Эгер андай болбосо, кимди шайласаңар, мандатты ошого өткөрүп беребиз», - деп айткан.

Никол Пашинян Еревандагы митингдер маалында, ноябрь 2020-жыл
Никол Пашинян Еревандагы митингдер маалында, ноябрь 2020-жыл

Былтыр Тоолуу Карабакта алты аптага созулган куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия 9-ноябрда үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон.

Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери аймакка киргизилген.

2018-жылы «баркыт ыңкылабынын» аркасы менен бийликке келген Пашинян калың элдин колдоосуна ээ болуп, ал жетектеген «Менин кадамым» блогу парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алган болчу.

Былтыркы согуштан кийинки кезеңде армян премьеринин туруму алсырап, ал Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги жана президент Армен Саркисяндын колдоосунан ажырап калган.

7- апрелде Пашинян Москвага келип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканы турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG