Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

АКШ: Кыргызстанда журналисттерге кысым күчөдү


Кыргызстанда коррупцияга каршы жүрүшкө чыккандар, 25-нобярь, 2019-жыл
Кыргызстанда коррупцияга каршы жүрүшкө чыккандар, 25-нобярь, 2019-жыл

АКШнын Мамлекеттик департаменти жылдык баяндамасында дүйнөдө адам укуктарынын жалпы абалы начарланганын билдирди. 30-мартта Вашингтондо жарыяланган докладда кыргыз бажысындагы коррупция жана аны иликтеген журналисттердин коопсуздугу, дегеле өлкөдөгү адам укуктары тууралуу айтылат.

«Бүгүн жарык көргөн баяндама адам укуктары жаатындагы тенденциялар жаңылыш багытта баратканын көргөздү. Дүйнөнүн бардык чөлкөмүндө ушундай көрүнүш өкүм сүргөнүн байкадык», деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен брифингде.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

Баяндамада Орусияда былтыр оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный нервди шал кылуучу химиялык зат менен ууландырылганы, Берлинде дарылануудан кийин Москвага кайтканында кармалып, түрмөгө кесилгени сынга алынат. Документте Навальныйды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери ууландырганын тастыктаган «ишенимдүү маалыматтар» бардыгы айтылат.

Ошондой эле Чеченстанда ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы өнөктүк жүрүп, кумса деген шек менен адамдар куугунтукка, кыйноолорго кабылып жатканы белгиленет. Бейөкмөт уюмдар менен көз карандысыз маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча чечен бийлигине каяша айтып же каршы чыккандарга чет өлкөлөрдө да коркутуулар менен кол салуулар болуп жатканына көңүл бурулат.

Ал эми «авторитардык өлкө» деп белгиленген Беларуста былтыр адам укуктары бузулган жагдайлар тизмектелген. Президенттик шайлоо алдында жана андан кийин тынч жыйындарга чыккан адамдарга күч колдонулганы, алар жапырт камакка алынып, жазага тартылганы, ошондой эле өлкөдө маалымат каражаттары менен сөз эркиндигине басым күчөтүлгөнү чагылдырылган.

«Бийлик бардык деңгээлде мыйзамсыздыкка барып, адам укуктарын бузган өкмөттүк жана күч кызматкерлерин жоопко тартууга эч кандай аракет көрүшкөн жок» деп жазылат документте.

Өзгөчө докладда Кытай бийлигинин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (ШУАР) уйгур жана башка мусулман азчылыктарына карата жүргүзгөн өктөм саясаты кескин сынга алынган. Эл аралык коомчулук бийлик бери дегенде миллион кишини этникалык тегине карап камакка алганын билдирген. "Тарбиялоочу лагерлерде" мажбурлап кармап, иштетип, төрөттү чектөө үчүн стерилизация сыяктуу ыкмаларды колдонуу, кыйноолор, эркиндиктерин чектөө - «геноцидге», «адамзатка каршы кылмышка», «мамлекеттин жарандарына жасаган кылмышына» тете деп айыпталган.

Кыргызстанда «кооптуу тенденция» байкалат

Ал эми Кыргызстан боюнча бир нече жагдай «кооптуу тенденция» катары мүнөздөлгөн. Сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, жарандык коом менен маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кысым күчөгөнү белгиленет.

Баяндамада «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан 2019-жылкы иликтөөлөрүнөн кийин журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалат.

Мамдепартамент «Эркин Европа/Азаттык» радиосу кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө болгон коркунучтан жана саясий куугунтуктан кооптонуп, кабарчыларын башка аймактарга чыгарып кетүүгө аргасыз болгону белгиленет.

Быйыл 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак бергенден кийин Матраимов кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу экинчи жолу кармалган.

Мындан тышкары АКШ мамдепартаментинин докладында БУУнун укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарына карабай анын абакта каза болгону белгиленет. Кыргызстанда күч кызматкерлери камакка алып, Өзбекстанга өткөрүп берген журналист Бобомурод Абдуллаевдин кыргыз абагындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрү, тынч жыйындарга чыккан адамдарга кол салган ашынган улутчулдардын жазасыз калышы, күч кызматкерлеринин куугунтугуна арызданган жарандык активисттердин кайрылууларынын жоопсуз калышы сыяктуу окуялар саналат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы бийликти Мамдепартаменттин докладында баяндалган бул окуяларды иликтеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо артка кетпөөгө чакырган.

«Кыргызстан эмне себептен Борбор Азиядагы эң демократиялык мамлекет экенин көрсөтө турган убакыт келди. Биз Жапаровдун жаңы өкмөтү жарандык коомду, укук коргоо органдары менен укук коргоочу уюмдарды, сот системасын адам укуктарын коргоодо биримдикке үндөп, укук бузуучуларды жоопко тартууда аракеттерин күчтөндүрөт деп ишенебиз» деп айткан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

Мамдепартаменттин 2019-жыл үчүн баяндамасында Кыргызстанда балдардын эмгегин пайдалануу, коррупция, кыйноо, сөз эркиндигин чектөө, саясий куугунтук, ЛГБТнын жана аз улуттардын өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилеген. Мындан сырткары Кыргызстанда мыйзам бузган аткаминерлер жазасыз калып жатканы айтылган.

Докладда дүйнөдөгү 200дөй мамлекетте бийликтин жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндиктерин канчалык урматтап же тескерисинче бузганын талдаган баяндаманы расмий Бишкек сындап, Тышкы иштер министрлиги жалпы абалды аныктоодо өкмөттүк эмес уюмдардын эле эмес, расмий булактардын да маалыматтарын эске алууга чакырган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы бийликти Мамдепартаменттин докладында баяндалган бул окуяларды иликтеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо артка кетпөөгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG