Кремль АКШнын Чалгын кызматынын баяндамасын четке кагып, Орусияга коюлган айыптарды «далилдөөгө мүмкүн эместигин» айтып чыкты.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вашингтондо Москванын кийлигишүүсү тууралуу кеп-cөздөр Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү үчүн гана колдонулуп жатканын болжолдоду.
«Орусия буга чейинки президенттик шайлоого да, докладда айтылган 2020-жылкы шайлоого да эч кийлигишкен эмес. Орусиянын кайсы бир талапкерге каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга эч кандай тиешеси жок. Бул баяндама туура эмес, такыр негизсиз жана далилсиз».
Ал бир топ экономикалык сокку ура турган жаңы санкциялардын кесепеттерин алдын алууга орус бийлиги керектүү чараларды көрүп жатканын кошумчалады.
CNN, «Reuters» сыяктуу маалымат каражаттары Ак Үйдөгү булактарына таянып, Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана орусиялык хакерлердин америкалык серверлерге киберчабуулдарына байланыштуу келерки жумада Вашингтон Москвага жаңы санкция салаарын жазышкан.
Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматы жарыялаган отчетто Орусия менен Иран былтыр АКШда президенттик шайлоонун жүрүшүндө коомдук пикирди бурмалап, жалган маалыматтарды таратып, шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүгө аракет кылганы баяндалат.
16-мартта чыккан 15 барак документте чет жактан бюллетень жана добуштарды саноо сыяктуу операцияларга кийлигишүү болгону жөнүндө сөз жок.
2016-жылдагы шайлоодон айырмаланып Орусиянын АКШнын шайлоо системасына киберчабуулдары байкалган эмес. Анын ордуна Москва АКШдагы коомдук пикирди өзгөртүүнүн үстүнөн иштегенин америкалык чалгын кызматы аныктаган.
«Бир катар орусиялык мамлекеттик уюмдар мурунку президент Дональд Трампты жактап, ал эми Жо Байденди жана Демократиялык партияны каралоого шайлоо жараянына ишенимди төмөндөтүүгө жана Кошмо Штаттардагы саясий-социалдык пикир келишпестиктерди курчутууга багытталган атайын операцияларды жүргүзүшкөн. Мындай операциялар Орусия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн» деп жазылат документте.
Москва мүдөөсүнө жетүү үчүн орус чалгын кызматы менен байланышы бар адамдарды колдонуп, коомдук пикирге таасир этүүчү бурмаланган, токулган жалган уламыштарды америкалык маалымат каражаттарына, расмий кызматкерлерге, жада калса Трамптын жакын айланасына жана Ак үйдөгү администрацияга жайылтууга аракет кылганы айтылат баяндамада.
Мисал катары шайлоо өнөктүгү маалында Байдендин уулу Хантердин Украинадагы коррупциялык ишмердүүлүгү, буга Украин бийлигинин байланышы бардыгы тууралуу тараган маалыматтар келтирилет. Эч далили жок, токулган кеп-cөздүн маалымат майданы менен коомчулукта пайда болуп, күбүр-шыбыр менен кошо Байдендин беделине шек келтирилгенине орус чалгын кызматы айыпталат.
Ал эми Иран Дональд Трамптын кайрадан шайланышына каршы «ар тараптуу жашыруун операция» жүргүзгөнү, бирок Байденди колдоп-коштобогону айтылат.
Өлкөнүн руханий жол башчысы аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөсү менен Ирандын аскерий жана чалгын кызматтары ачык жана жашыруун киберчабуулдарды да уюштурганы белгиленет.
АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын ноябрында өткөн. Анын жыйынтыгында Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетишкен.
«Биздин байкообуз боюнча Тегеран АКШнын Иранга карата саясатын өзгөртүүгө, Вашингтонду ички көйгөйлөр менен алаксытууга жана америкалыктарда Иран режимине тилектештик жаратууга багытталган кампания жүргүзгөн» деп жазылат отчетто.
Ошол эле кезде Кытай АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишпегени, Бээжин Вашингтон менен «туруктуу алакасын буза турган эч кандай тобокелдикке барбаганы» белгиленет.
Мындан тышкары Ливан, Куба жана Венесуэладагы «Хезболла» кыймылы тарабынан шайлоого кийлигишүүгө аракеттер байкалганы, бирок масштабы боюнча алардын аракеттеринен эч кандай майнап чыкпаганы же залака келтирилбегени кошумчаланат.