Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Эл аралык коомчулук Бирмада демократиялык өкмөттү калыбына келтирүүнү талап кылды


Янгон шаарында жоокерлер өрттөп салган баррикаданын жанынан качып бараткан киши. Бирма. 2021-жылдын 10-марты.
Янгон шаарында жоокерлер өрттөп салган баррикаданын жанынан качып бараткан киши. Бирма. 2021-жылдын 10-марты.

13-мартка караган түнү Бирмадагы хунтага каршы чыккан демонстранттарга полиция ок атып, натыйжада бери дегенде үч киши набыт кетти. Ал эми АКШ жана чөлкөмдөгү бир нече ири мамлекет Түштүк-Чыгыш Азиянын бул мамлекетинде демократиялык бийликти калыбына келтирүү үчүн тыгыз кызматташууга убада беришти.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 1-февралда Бирманын аскер жетекчилиги жарандык өкмөт жетекчилерин камакка алып, парламентти таркаткандан бери 70тен ашуун киши набыт кеткенин маалымдашууда.

Мандалай шаарындагы хунтага каршы нааразылык жыйыны. Бирма. 2021-жылдын 8-марты.
Мандалай шаарындагы хунтага каршы нааразылык жыйыны. Бирма. 2021-жылдын 8-марты.

Акыркы курман болгондордун окуясы жума күнү кечкурун өлкөнүн соода борбору Янгон шаарында камакка алынгандарды бошотуу талабы менен полиция бөлүмүнүн алдында чогулган калайыкка каршы полиция ок атканда орун алды.


1-февралдагы хунта уюштурган төңкөрүштө Аун Сун Су Чжи айымдын шайланган өкмөтү кулатылган. Ошондон бери Бирма жумуриятында саясий кризис улам курчуп келет (бул өлкө аталышына кылым башында аскер жетекчилиги “Мьянма” аталышын да таңуулаган, бирок калайык тарыхый “Бирма” аталышын колдонууда).

Бирмадагы демократияны жактаган коомдук жигердүү өкүлдөр эл аралык коомчулукту өз таламдарын колдоо кылуу үчүн нааразылык жыйындарга чыгууга үндөп жатат. Өлкөдөгү демократиялык кыймылдардын иш-аракетин хунта ырайымсыз жазалап, интернетти өчүрүп салып жатканына карабастан, нааразылык чаралары жаңы күч менен улантылууда.

АКШ, Индия, Австралия жана Жапония лидерлери 12-мартта онлайн жыйын өткөрүштү. Бул – Түштүк-Чыгыш Азиянын коопсуздугуна карата эл аралык коомчулуктун милдеттенмелерин кайра жаңыртып шардана кылуу максатында уюшулган “Төрттүк” деп расмий эмес аталган топтун виртуалдык отуруму болуп калды.

"Бирманын жана анын элинин узактан берки жактоочулары катары биз демократияны тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын жана демократиялык туруктуулукту чыңдоонун артыкчылыктуу багытын баса белгилейбиз", – дешти алар.


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Эндрюс Бирманын хунтасынын жетекчилеринин аскерлер өлкөдө "өзгөчө токтоолук көрсөтүп жатат" деген сөзүн "жарабаган кеп" деп 12-мартта четке какты.

Эндрюс "хунтаны жазасыз калуу сезиминен арылтууга" багытталган жамааттык турумду калыптандырууга эл аралык коомчулукту үндөдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков зордук-зомбулукту "кооптондуруучу окуя" деп атап, расмий Москва Бирма менен аскердик-техникалык кызматташтыкты токтото туруу маселесин "калчап ойлоштуруп" жаткандыгын билдирди.

Бирок ушул аптада БУУнун Коопсуздук Кеңеши Бирмадагы аскер жетекчилигинин аракетин мамлекеттик төңкөрүш катары айыптаган билдирүүнүн айрым сөздөрүн Орусиянын, Кытайдын, Индиянын жана Вьетнамдын кысымы астында кыскарткан. (TT)

XS
SM
MD
LG