Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

13-марттын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

13-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 6…11;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 6…8 градус.

XS
SM
MD
LG