Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Депутат Кыдыралиев: Баш мыйзам талаптарды сактоо менен кабыл алынууда


Үмбөталы Кыдыралиев.
Үмбөталы Кыдыралиев.

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору боюнча маселе депутаттардын кызуу талкуусун жаратты. Айрым депутаттар долбоорду кабыл алуу регламентти одоно бузуу менен жүрүп жатканын, анын мазмунунда да кемчиликтер бар экенин айтышты.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Баш мыйзамдын долбоорун жалпы референдумда эл колдогонун айтып, парламенттик башкаруудан президенттикке өтүү акталган аракет экенин белгиледи:

“Эл тандады. Референдум болду. Элдин үнүн угалы. Эмне үчүн 2010-жылкы Конституция иштебей калганы тууралуу суроо бербейсиңерби?! Тарыхта болгон, Чилиде, Францияда, Грузияда президенттик башкарууга келбесе мамлекет тарап кетмек. Азыр кырдаал ошондой болуп калды. Биз шарт түзүшүбүз керек. Демократиялык мамлекетте жашап жаткандан кийин эң биринчи элдин бийлиги, экинчиси – мыйзам үстөмдүгү. Бүт баары сакталып жатат. Парламенттен ыйгарым укуктарды алып, президентке берип жатсак, демек, 10 жылдагы тарых алып келип койду да. Эмне үчүн саясий партиялар жоопкерчилик алган жок, аймактарда туруктуу иштеген жок, идеологиясы болгон жок? Шайлоо алдында жарым жыл иштеп кетип калат!”.

Депутат Дастан Бекешев өз сөзүндө Конституциянын жаңы долбоорунда бийликтин бир адамдын колунда топтолушуна жол бере турган нормалар жазылып калганы боюнча кооптонуусун билдирди:

“Эч нерсе түшүнбөгөндөй болуп жатасыңар. Президенттик башкаруудан башка да маселелер бар. Бир беренеден цитата келтирейин: “Мамлекет жана анын органдары коомдун бир бөлүгүнө гана эмес, бүткүл коомго кызмат кылышат”. Демек, коомдун бир бөлүгүнө иштесе боло берет экен. Ушунчалык сабатсыз! Муну кайсы киши жазганын билбейм. Же узурпацияга алып келиш үчүн атайын кылып жатышабы?!”

Быйыл 10-февралда Кыргызстанда референдум өтүп, шайлоочулардын көбү президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта парламентте добушка коюлганда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергени белгилүү болгон.

Андан тышкары былтыр 17-ноябрда 80 депутат демилгечи болуп сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койгон депутаттардын колу Конституциялык кеңешме быйыл февралда жазып бүткөн документке кайра коюлганы сынга кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG