Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

АКШ Украинага 125 миллион долларлык аскердик жардам берет


АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 125 миллион долларлык аскердик жардам берет. Анын ичинде өлкөнүн аймактык сууларын коргоо үчүн патрулдук катерлер, артиллерияга каршы радарлар жана аскердик курал-жабдык бар.

Пентагондон билдирүүсүндө АКШ конгресси бекиткен калган 150 миллион долларлык аскердик жардам Украинада “коргоо жаатында маанилүү реформаларда прогресс байкалганын Мамлекеттик департамент жана Коргоо министрлиги ырастаган соң” бөлүнөрү айтылат.

Ошондой эле АКШнын Коргоо министрлиги Украинаны куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөлдү күчөтүүгө, коргоо өнөр жайында ачыктыкты камсыз кылууга жана НАТОнун принциптери менен стандартына ылайыкташтыруу боюнча реформаларды тездетүүгө чакырды.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан бери куралдуу чатак уланып келет. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган соң Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары орусиячыл жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13 200дөй адам каза болду.

XS
SM
MD
LG