Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кумшекердин баасы соңку бир жылда 46% кымбаттады. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылды.
Өлкөдөгү 18 калктуу пункт боюнча мониторинг жүргүзүлүп, кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сом экени аныкталды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 46% кымбат.
Жалал-Абад, Ош, Исфана шаарларында кумшекердин бир килограммы 64 сомдон, Ноокатта 50, Өзгөндө 47 сомдон сатылып жатканы белгилүу болду.
Кумшекер күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктардын бири. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында доллар дароо кымбаттап, баалар да жогорулаган. Айрым негизги азыктар дээрлик эки эсе кымбаттады. (RK)