Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Финансылык чалгын кызматын Канатбек Тургунбеков жетектейт


Гүламжан Анарбаев (сол жакта) жана Канатбек Тургунбеков.
Гүламжан Анарбаев (сол жакта) жана Канатбек Тургунбеков.

Кыргызстандын Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси Канатбек Тургунбеков шайлоо учурунда президент Садыр Жапаровдун штабын башкарган. Ага чейин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген.

Буга чейин 51 жаштагы Канатбек Тургунбеков (2020-жыл) Мамлекеттик каттоо кызматында бөлүм башчы болуп иштеген.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болот.

Кыргызстандын өкмөттүк түзүмүнүн айрым мекемелер кыскартылып, бири-бирине жуурулушкан жаңы вариантын колдогондор да, көз карандысыз каржылык текшерүү мүмкүнчүлүгү ойрон болду деп сындагандар да бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG