Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Жээнбай Түрктүн “Бир жаны”


Акын, жазуучу, публицист Жээнбай Түрк . 26.1.2013.
Акын, жазуучу, публицист Жээнбай Түрк . 26.1.2013.

Жазуучу Жээнбай Түрктүн “Бир жан” аңгемесинде постсоветтик жаңы заманга жакшы көнө албай жаткан кишинин ой чабыты көркөм баяндалган. Бекташ Шамшиевдин блогу.

Коомдун бир ыңгайдан экинчисине өтүүсү толгон-токой кыйынчылыктарга туш келет. Көнүмүш жашоо ыргагынын бузулушу пенде баласын ыңгайсыз абалга капталтып, маанайын чөктүрөт.

"Кыргыз аңгемесинин классикасы" берүүсүндө Жээнбай Түрктүн “Бир жан” баянына токтолобуз.

Кыргыз адамы өткөн кылымда эки олуттуу өзгөрүүнү башынан кечирди. Уруулук коомдон толук чыга элегинде коллективдүү чарба, социалисттик жашоо ыңгайына туш келип, баарын чоң борбордон башкарчу өкүмзор бийликтин кол алдында калды. Анан кылым соңунда ишенип алган коммунизми тарыхый тактыдан шыпырылып түшүп, баарысы өзгөрүлүп кетти.

Базар экономикасына биротоло жуурулуп, жаңы заман талабына ыңгайлашуу деле оголе оор жумуш экенин ушу тапта баарыбыз жон терибиз менен сезип жатабыз. Жээнбай Түрктүн “Бир жан” аңгемесинде мына ушул жаңы заманга жакшы көнө албай жаткан адамдын ой дүйнөсү баяндалган.

Аңгеменин баш каарманы Ормон аксакал өз ишин тыкан аткарып, жумушка убагында барып, маалында кайтып келчү. Кызматын аяктай албай калса бир папке кагазын үйүнө көтөрө келип түнү менен болсо да аягына чыкчу.

Иш баарынан маанилүү, баарынан зарыл болчу. Бүгүн аткарчусун кийинкиге калтырбай, убагында бүтүрүү ага милдет болуп калган. Негизи эле өзүн сыйлаган мекеме, ишканалардын баарында Ормонго окшогон иштемчил, жоопкерчиликти жогору койгон азаматтар болот. Алар бар үчүн план аткарылып, мекеме жыл жыйынтыгында сыйга илинип, коллектив жаңы жылды жакшылап тосуп алат. Бир өкүнткөн жери ушундай иштемчилдердин эмгеги убагында бааланбайт.

Ормондуку да ушундай болду, анын саясат менен иши жок эле. Жарым кылымга жакын иштеп пенсияга чыгайын деген ырымга мактоо кагазы жок экен. Жөн эле иш деп жүрө бериптир. Жыйынтыгында кырк жылдык иши үчүн жарыбаган пенсия чегерилип, арызын кимге айтарын билбей үйүндө отуруп калды. Ойлогону ишин так аткарып, таза иштеп, коллектив алдында жүзү жарык болушун каалачу.

Күн сайын жумушуна барып, эл кайтканда кайтып, башка бир нерселер менен деле алектенбептир, ушул иши деле бүтпөчүдөй, улана берчүдөй сезип алыптыр. А көрсө бүтөт экен. Убакты-сааты келип, эч ким кет дебесе деле пенсия жашына келип калганын, орунду жаштарга бошотуу керектигин жетекчисине айтса, анысы ушуну эле күтүп тургандай макул боло койбоспу.

Ормон кадырын салып, баркын билгиси келген, дагы иштеңиз деп калтырат го деп ойлогон. Ормондон он жаш уулу, анткен менен кыйла жаш көрүнгөн, жаш аял алганы баарын сиз деп калган жетекчисинин алдынан бозоруп чыкты. Баарын өзү кылды.

“ – Ошентип жыргап жүрүп, бир күнү эле карасам, алтымышка келип калыпмын. Кой, мамлекет үчүн жакшы эле эмгек кылдым, эми эс алайын дедим.

Бир мекемеде орун басар элем, шебиме айтсам, дароо эле макул болду, ал эмес сүйүнүп кетти окшойт. «Туура кыласың, эстүү кишиге айла жок, артыбызда келаткан жаштар өссүн…».

Арызыма токтотпой дароо кол коюп, эсепчини чакырып: «Бу кишинин аласа-бересесин тактап, акчасын көп кармабай төлөп бергин… кандай узатарды анан келсең кеңешебиз» дебеспи. Эсим эки болуп туруп калдым. Мындай болорун күткөн эмесмин да. Бир топко макул болбой убара кылат го, деп ойлогом жаман оюмда.

Мендей көп жылдык турмуштук, кесиптик бай тажрыйбасы бар адистер жолдо жатыптырбы дейм да. Анан, кайра ой тегеретип отуруп ичимден күлкүм да, бир жагынан кыжырым да келди. А өзүчү? Быйыл жашы жетимишке келди. «Кандек иттин карыганы билинбейт» дегендей, кодоюп мыртыйган неменин былтыр катыны өлүп, жакында өзүнөн кырк жаш кичүү кара далы кыз алып алгандан бери деле кой, өзүн жаш сезип, бизди: «Кандайсыз, аксакал» – деп калган".

Бекер кылган экен. Бу шаарда, анан да кабат үйдө жашаган кишиге кыйын экен. Чапан жаап, азыноолок дасторкон жасап сый менен узатышканга жараша пенсиясы жакшы болсо билинбейт эле. Төрт миң сом, байбичесиники үч миң сом. Бир базарга кирип чыкса жок болчу акча. Эми ушуга макул болуп айласыз жашоо керек.

Ормондун бош кезиндеги эрмеги мончо болуп калды. Кары-жашы дебей бир күндө барып, бакылдашып учурашып, кээде узун сөзгө кирип, ысык буу арасында көл-шал болуп отурганга не жетсин. Ошол пенсиясын сактап эриккенде кобурашайын деп мончого келет. Мына ушул жерде буулуккан жандардын чери жазылат, тек койсо кечке жүрө беришкиси бар. Ансыз деле чыгыңыз деп мандайында отурган эч ким жок, кирдиң – болду, эриккенче жүрө бер.

“Кары-жашы дебей, бай-кедейи дебей, бардыгыбыздын даражабыз бирдей: жылаңач этибизге ак шейшепти оронуп алып, бирден бөтөлкө пивону оозунан кулкулдата жутуп коюп, узун сөзгө түшөбүз. Негизинен, мончого келгендер бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Кимиси кайда иштейт, кимиси эмне менен алектенет, ал эмес, кимиси ушу жашка чыкканы канча аял алып кетирди… Кыскасы, мончолоштор арасында сыр жашыруу деген эч болбойт. Маселен, Ормон аксакал жакында эле пенсияга чыкты.

Сыртынан бир көргөн кишиге кары деле эместей. Асыйы алтымыштан өтүп баратканы менен сакал-муруттан көсөө, бетинде бир бырышы жок. Түшкөнүнөн калган желке чачы гана агара баштаганы болбосо, аны пенсия курагына келген киши деп эч ким айта албайт. Совет мезгилинде жетекчи болуп бир топ жыл иштептир”.

«"Кудай жок"… деп жүрүп көп окуяларды бу аксакал деле көп кызыкты көрүптүр, көптү башынан өткөрүптүр. Эми аларын эстеп башын чайкап, жаштык-мастык кезиндеги жиндиликтерин жанында отургандарга айтып берип, мончо күнү жыргап калат. Жаш өйдөлөгөн сайын Жаратканды ойлоп, беш маал намаз окуюн, айыптарымдан аз болсо арылайын деп ниет кылып көргөн. Жаш кезинде баштабагандыкпы же көңүлү берилбедиби, иши кылып, азырынча анысынан майнап чыга элек. Көнгөн акырына келип көк бедени аймаган жылкыдай көнүмүш адатын таштай албай келатат, ачкыл сууну айланып өтпөй, карыбы-жашыбы, мончодо жолуккан адамы менен кээде ичип коймою бар. Мындай майрам деле сейрек, чанда бир болчу үлпөтчүлүк. “Жети пайгамбардан бир кудай өтүптүр” деп сапсары сыраны шыңгыткыча агынан алганды жакшы көрөт. Анысын мончолоштору билишет. Көбүнчө жаштар алышат, кээде жүзаарчысына орогон акчасын алып сунуп калмайы бар. Ушундай бир жан.

Ичип отурганда айтары деле белгилүү. Социализм кезиндеги жашоосу, иш деп күн-түн жүргөн кездери, бир да жолу артта калбаганы. Аягында ошентип берилип иштесе да пенсияга кетеринде алакандай мактоо кагазын ыраа көрүшпөгөнү, колдон келсе ушу пенсия дегенге чыкпай эле койгон туура экенин саймедирейт. Жанында отурган адамга анысы кызыктуубу-кызыксызбы – анысын ойлобойт деле. Буулугуп калат окшойт, мурдагы ишин, кийинки жарыбаган пенсиясын айтып отура берет.

“Же жыргаткан эле пенсия алсамчы? Ой, күйдүм да, күйдүм! Кырк жыл эмгек кылып, алганым 4 миң сом. Ал эмнеге жетет?! Бир базардан чыкпайт экен. Кемпиримдин алганы 3 миң сом. Ал да советтик доорго ак кызмат кыламын деп, жаштайынан таш дүкөндөрдө эртеден-кечке чейин тикесинен тик туруп жүрүп, оорукчан – майыптыгы боюнча эртелеп эбак пенсияга чыккан.

Партияга ак кызмат кыламын, мага кара жакпайт деп жүрүп, же тыңгылыктуу үй салбапмын, же карыганда чалкалап жүрөйүн деп машине албапмын. Жок дегенде кыздарымды эле чоң окуулардан окутуп-чокутуп, чоң кызматтарга койдуруп койсомчу. Алар азыр же тийген эринен жок, же кирген үйүнөн жок тентип, мандикер болуп ата-бабам тааныбаган Орусияда жүрүшөт.

Көзгө басар жалгыз баламды көтөрмөлөп, карып калганда бизге деле жарыгы тиер деп бир байдын кызын келин кылып алдык эле, аныбыз бир ай араң чыдап: «Мен мындай кепе үйдө жашап көнгөн эмесмин…» – деп баса бербедиби. Артынан балам кеткен аны ээрчип”.

Ормон аксакалдын күйүп-бышып айтчу сөзүн мончодогулар уга берип бышыкулак болуп бүтүшкөн. Ансыз деле баары белгилүү го. Социализмди социализм кылган мээнеткечтердин кимиси алган пенсиясына ыраазы болду экен. Кара жанына карч уруп иштешти да. Анан эс алууга келгенде жарыбаган акчаны колуна карматып сыртка чыгарып коюшту го. Капа болот да. Мурдагы заманда жанын сабап иштегендердин баары бир күндүн ичинде итке минген кедей болуп отуруп калышты.

Шаардык чалдардын көбү үлүшкө алган жери, азыноолок кураштырган өлүү дүйнөсү, айдап чыгар жандыгы жок төрт дубалды карап сопоюп отуруп калышпадыбы. Айылга барып жер иштетип, мал күтүп, бала кездеги тиричилигин улантайын десе жашы өтүп кеткен. Барганда деле буларды ким эле карап турсун, туугандары ылым санап бир күн чайын берер, эки күн конок кылар. Анан аларың деле өз тирилигине кетишет.

А булар кемпири экөө эмне кылышат, же мал артынан жүрө алышабы? Ормон бош болуп калганда мындан ары эмне кылыш керек деп көп ойлонду. Ары ойлонуп деле, бери ойлонуп деле ыңгайлуу бир нерсе таба албады. Ишенген балдары өзү менен өзү болуп, кемпири экөө мурда тар болчу үйдө отуруп калышты.

Кыздары Орусияда, мусапырлык күнүн кечирип чет жерде, ата-энесин кем каттоо болуп калышкан. Жалгыз уулу аялынын сөзүнөн чыга албай кайнатасынын үйүнө кирип алган. Чалды ушул катуу ойлонтту. Бир жолу келип калышты эле жалгыздыктан эриккен чал-кемпир аябай сүйүнүп, берерге ашын таппай сүйүнгөнүчү. Бирок эртелеп сүйүнүп алышкан экен. Келининин “папасыныкына” кетип калышты. Анан Ормон капа болбогондо кантет, анан отуруп алып айыпты азыркы заманга коёт.

Азыр эмне болуп атат? Айланайын, айлана-чөйрөңө көз жүгүртсөң боло?! Улууну кичүү урматтабай, кичүүлөрдү улуулар сыйлабай калды. Балдардын таш боордугунан карылар үйү өңчөй кыргыздын чал-кемпирлерине толуп кетти. Кары-жаштар аралашып стакан кагышып, арак ичип калышты…”.

Анан нааразы болот да. Карыга карыдай, жашка жаштай сый-урмат, ызаат жоголуп баратса. Мурдагы көнүмүштүн баары заматта өзгөрүп кетти. Азыркы заманда жасалып жаткандарга чалдын акылы жетпей баратат. Үмүт кылган сый-ургалы да сатылып калбадыбы.

“Балээниби?! Аларды өзүң талбай кайра-кайра барып издеп, көп акчага сатып алып, андан кийин билмексен болуп: «Мына көрдүңөрбү, эмгегиңди өкмөт менен партия баалайт экен, сыйланганымды капысынан радиодон уктум, ыракмат!» – деп душман көзүнө бакылдап коюшуң керек экен. Мунун баарын өз көзүм менен көрүп, билгенден кийин баарынан көңүлүм үч көчкөн журттай калган.

Ырас, мен деле баарын кыйратып баатырдык кылган жокмун. Болгону өз милдетимди кынтыксыз так аткарып жүрдүм. Мурда жаш кезимде кагаздарымды үйгө көтөрүп барып таң агарганча иштеп, кээ күндөрү дем алышка карабастан, жылдык эмгектик өргүүгө да кайыл болуп кеңсеге келип кечке көз майымды түгөтүп, кагаз тиктеген күндөрүм көп эле болгон. Аны баалаган бирөө болгон жок”.

Советтик системадан саркынды дегени менен ушу азыр деле жалган наам, сыйлыктар толтура. Жулкунбайлардын заманында көчө-көчөгө ат коюу, “ардактуу атуул” дагы башка атын чыгармайлар жайнап кетти. Ал го ал, бала-чака менен чогуу кино көрүш мүмкүн болбой калбадыбы.

“Кайсы киносун койсоң деле же үйүгүшкөн эки аяктуу иттерди, же бири-биринин башын кыя чаап, канын суудай агызып аткан мыкаачыларды көрөсүң”.

Ормон аксакал жаңы заманды жакшы билбегени менен эскини деле эзилип эңсей бербейт. Жашоо-турмуш агымын карап биресе таң калып, биресе кызыгып жашоо күнүн кечирип келет.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG