Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

14:15 1.2.2021

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуш кылды.

Анын талапкерлигин жыйынга катышкан депутаттардын баары колдоду.

Улукбек Марипов өзүнүн пландары тууралуу маалымат берип, депутаттардын ар кандай суроолоруна жооп берди.

Кызматка келсе олуттуу реформаларды жасай турганын, өкмөттүн курамын кыскарта турганын билдирди. Ал бүгүнкү жыйынга өкмөттүн түзүмү менен курамын тааныштырган жок. Коалиция колдоп берсе, кечирээк аны даярдап, спикерге киргизерин айтты.

Маселе эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

14:19 1.2.2021

14:40 1.2.2021

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

2001-жылы ОшТУ жана ОшМУ окуу жайларын Финансы жана насыя, юриспруденция адистиктери боюнча бүтүргөн.

2001- 2002-жылдарда Финансы министрлигинде биринчи категориядагы адис катары мамлекеттик органдарда ишин баштаган.

2002-2003-жылдарда Финансы министрлигинин алдындагы кирешелер боюнча комитетинде төраганын жардамчысы, 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы, 2005-2006-жылдар Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болгон.

2006-2010-жылга чейин президенттик аппараттын бөлүмдөрүндө эксперт, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын башчысы, 2010-2011 өкмөт аппаратынын инспектору, 2011-2015-жылдарда президенттин жардамчысы, 2015-2016-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы 18-мартта Эсеп палатасына аудитор болуп ишке орношуп, бир күндөн кийин эле төрагасы болуп дайындалып, ошондон бери бул кызматта иштеп келаткан.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын азыркы башкы дарыгери Асамидин Мариповдун баласы.

15:32 1.2.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG