Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

12:09 3.2.2021

Депутат Самат Исманов Артем Новиковдун командасындагы жакшы кадрларды көңүл сыртында калтырбоо керек деген сунуш айтты.

12:08 3.2.2021

Вице-премьер-министрликке талапкер Артем Новиков ал өкмөт башчы болуп турганда кандай иштер бүткөргөнү тууралуу суроолор берилди.

Артем Новиков 100 күн ичинде өлкөдө абал турукташканын, коронавирус менен ооругандардын саны азайганын, энергетика, тоо кен тармагындагы иштер жанданганын айтты.

Анын командасы болгон күчүн жумшаганын айтты.

12:06 3.2.2021

Улукбек Марипов: Мен өзүм да ревизорлукту жактырбайм. Ошого карабай Эсеп палатасында иштедим. Ал жакта да өзгөрүүлөр болушу керек.

12:05 3.2.2021

Ал арада Ак үйдүн сыртында өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Мариповго каршы митинг өтүп жатат.

Анын катышуучулары 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин коомчулук люстрацияны талап кылганын, үмүтү акталбай жатканын айтышууда. Жалпысынан 30дай киши топтолуп турат.

Өзүн Руслан Жумалиев деп тааныштырган адам: «Марипов кетсин, бүт 120 депутат кетсин. Бизге люстрация керек. 120 депутат мыйзамсыз отурат. Мариповдун кереги жок. Ал үч ай иштегиче, андан көрө Новиков эле боло берсин», - деп айтты.

Митингчилердин талаптары боюнча өкмөт жана парламент азырынча комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG