Ага карабай коомчулукта диний ишенимден улам мектеп окуучуларынын жоолук салынышы талаш бойдон кала берүүдө. Маселе - өлкөдөгү айдыңдык (секулярдык) системанын талаптарынын билим берүү тармагында сакталышы менен да тыгыз байланыштуу экендигинде шек жок.
«Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен укук коргоочу Эржан Сулайман ушул теманы талкуулашты.