Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Мектеп директорлорун сынак аркылуу дайындоо жана аттестациядан өткөрүү сунуш кылынууда


Ноокаттагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Ноокаттагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин жана коллеждердин директорлорун кызматка сынак аркылуу дайындоо жана аларды аттестациядан өткөрүп туруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун парламенттин тогуз депутаты иштеп чыккан. Алардын бири, депутат Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» 29-январда билдиргендей, эгер мыйзам кабыл алынса мындай талап жогорку окуу жайларынан башка билим берүү мекемелеринин баарынын жетекчилерине коюла баштайт.

«Себеби, мына, кечээ көрбөдүкпү, маданият министри өз буйругу менен бирөөнү бир окуу жайына директор кылып коюп, аны жамаат кабыл албай… Кабыл алуу критерийи болушу керек, деңгээли боюнча. Азыр мектеп директорлорун жөн эле буйрук менен коюп коюшат. Алардын буга чейинки тажрыйбасы болушу керек. Экинчиден, 25 жылга чейин мектеп директору болуп иштегендер бар. Аларды аттестациядан өткөрүп турса сапаты да көрүнөт. Жакшы иштеп жатса иштей берсин. А эгер жыйынтык болбосо, анда аларды алмаштырууга туура келет», - деди ал.

Мыйзам долбоору менен «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын биринчи жана 38-беренелерине өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Аны иштеп чыгууга, депутат Нурбаевдин айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин эксперттери катышты.

Жакында Ошто Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматы талашка түшүп, бул окуя эл арасында кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG