Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Талдоочу: Жапаровдун башкы милдетинин бири - саясий ынтымак орнотуу


Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев кызматка расмий киришкен президент Садыр Жапаров үчүн адилеттүүлүк менен ынтымактын элге ынанымдуу балансын сактоо маанилүү экенин белгиледи. Муну ал кийинки убактагы саясий өңүткө жакын териштирүү, камоо менен байланыштырды.

«Садыр Жапаров эң эле зарыл болгон, бүгүнкү күндөн баштай турган маселе – элдин арасындагы бири-бирине болгон ишенимди, конструктивдүү диалогду, түз жана чынчыл мааниде сүйлөшө билүүнү арттыруу. Анткени акыркы айларда, күндөрдө өтө чоң чатакка жакын болгон бөлүнүүгө күбө болуп жаттык. Бул азыркы жалпы социалдык-экономикалык абалда өтө терс мааниге ээ болуучу нерсе. Жарашуу чоң мааниге ээ. Албетте, кылмыш кылган кишилерди кечирип салуу деген болбошу керек. Бул жагынан да чоң маселелер бар. Кээ бир чоң кылмышкер дегендер бошонуп кеткени суроо туудурууда. Демек, адилеттүүлүк менен ынтымактын элге ынанымдуу балансын кармануу керек болуп турат», - деди талдоочу «Азаттыктын» 28-январдагы түз эфиринде.

Бул күнү президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү инаугурациясы болду. Анда сүйлөгөн сөзүндө президент коомдун бардык катмарын биригүүгө чакырды.

Ал 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын 79,20% добушун алган. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. Шайлоого 17 талапкер катышкан.

Шайлоодон кийин талапкерлердин экөө – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов түрдүү айыптар менен камакка алынды. Жактоочулар бул саясий куугунтук экенин, ал эми айыптоочу тарап алардын күнөөсүнө далил бар экенин айтып жатышат.(RK)

XS
SM
MD
LG