Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

Садыр Жапаров: саясий процесстер май-июнь айларында бүтөт


Садыр Жапаров, шайлоодогу үгүт маалында.
Садыр Жапаров, шайлоодогу үгүт маалында.

Кыргызстандын шайланган президенти Садыр Жапаров «Телеграм» социалдык каналындагы баракчасы аркылуу кайрылуу таратты. Ал 28-январда ант бергенден кийин реформалар башталып, жаңы өкмөт түзүлөрүн, апрель айында жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы мыйзамдар иштей баштай турганын жазган.

«Урматтуу мен мекенчилмин деп күйгөн замандаштар! «Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз» деп, өзүм билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек. Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек.

28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы түзүмү болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.

Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, «мен коррупция менен күрөшүүчүмүн» деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем.

Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам «жаңы бийлик иштебей жатат» деген дооматыңар калыстыкка жатпайт.

Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун да чеги болушу керек».

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун «Телеграм» каналына жазган билдирүүсү расмий эмес экенин айтты.

Кайрылуу жасалган «Телеграм» каналы расмий верификацияланган эмес.

Садыр Жапаров 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Анын расмий ант берүүсү 28-январда болот. (BCh)

XS
SM
MD
LG