Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Никитенко: Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси курчуп жатат


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Парламенттин 20-январдагы сессиясында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Баяндамачы депутат Наталья Никитенко жыйында акыркы убакта үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп кеткендиктен, мыйзам долбоорунда аны токтотуш үчүн жазаны күчөтүү сунушталып жатканын билдирди.

«Зомбулук көбөйдү. Коомдогу бул маселе чыңалып турат. Көп фактылар латенттүү мүнөздө. Негизинен, зомбулукту жакын туугандары көрсөтөт», - деди Никитенко.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Исхак Пирматов иштеп чыккан. Буга чейин документ Наталья Никитенко жетектеген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте каралып, жалпы жыйынга сунуш кылынган.

Статистикага таянсак, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү.

2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталган. (NT)

XS
SM
MD
LG