Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:32

Депутат Жапаров эмгек мигранттарын Москвага поезд менен болсо да жөнөтүүнү сунуш кылды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Орусияга Кыргызстандан эмгек мигранттарын керек болсо поезд аркылуу жеткириш керек деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 20-январда парламенттин жыйынында кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууну сунуш кылып жатып айтты:

«Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын - 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып... Жумушсуздук күчөп баратат».

Мурдараак Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө бери дегенде бирден киши жумушсуз калганын билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусияга кирип-чыгуу эрежелери катаалдашкан. Карантинде иш токтогондуктан ал жактагы түмөндөгөн кыргызстандык мигранттар мекенине кайтып келишкен. Учурда Бишкектен жана Оштон Москвага аптасына эки каттам жүргүзүлөт. Билеттин баасы авиакассаларда 30 миңден 70 миң сомго чейин сатылууда.

Кыргызстандыктар Орусияга барышы үчүн ал жактагы таанышынан же жумуш берүүчүдөн чакыруу кат да талап кылына баштады. Андан тышкары, коронавирус жукпаганын тастыктаган медициналык документи болууга тийиш. (SE)

XS
SM
MD
LG