Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Жалгыздыктын терезесинде ыр жараткан Толук Бек Байзак


Миграциядагы акын Толук Бек Байзак.
Миграциядагы акын Толук Бек Байзак.

Жүрөгүндөгү сүйүү, кусалык, өкүнүч, сагыныч сезимдерин ыр менен туюнтуп, өзү көргөн ажайып жараталышты окурмандарынын да көрүшүн каалап «Фейсбук» баракчасына жарыялаган миграциядагы акын менен маек.

Миграциядагы акын Толук Бек Байзактын «Күз шолоктойт тереземдин түбүндө», «Көңүлүм үзүлгөн гүл», «Бул кечте кайрадан ырдаймын, жалгыздыктын терезесинде», «Ысык-Көлүм», «Менин ырларым», «Эх, кексе, Истанбул», «Жоголгон жылдар» аттуу ырлары сүйүү менен кусалыкка, арман менен кайгыга, сагыныч менен өкүнүчкө толгон.

Жүрөгүнүн түпкүрүнөн сызылып чыккан ыр саптары акындын басып өткөн жолунан, тушуккан бөгөттөрдөн улам жаралгандыктан көптөгөн окурмандын жүрөгүнө жетти.

- Мекенден алыста жүргөн чыгармачылык инсандардын арасында жүргөнүңүзгө 27 жыл болуптур. Миграциялык турмуштун чыгармачыл адамга берген сабагы же таасири кандай?

- Мигрант жашоонун чыгармачыл адамга, негизи эле алыста жүргөн ар бир адамга тийгизген сабагы абдан чоң. Мигрант ар качан сагыныч, куса , үмүт менен жашайт. Ошол сезимдер сөзсүз ыр болуп, обон болуп чыкпай койбойт. Миграцияда жүргөн таланттуу жаштар абдан көп экенин көрдүм. Ар кыл тармактарда. Тилекке каршы ал таланттардын көбү таанылбай жок болуп кеткени өкүндүрөт.

- Мигранттардын келечеги барбы? Деги эле миграцияда жүргөн боордошторубуздун жашоосу кандай?

- Биздин мигранттардын келечеги жок, тилекке каршы. Өзгөчө бүгүнкү дүйнөлөшүү өкүм сүрүп аткан учурда. Жылына миңдеген жаштар ар кыл өлкөлөргө аттанат. Алардын жарымы кайрылбайт, өзгөчө аялзаты. Ал эми аялзатын жоготкон улуттун келечеги жок. Бул чындык канчалык ачуу болсо да кабыл алышыбыз керек. Мигранттардын келечеги болушу үчүн күчтүү улуттук маданият керек. Барган жеринде кытайларга окшоп өлкө ичиндеги бир өлкө куруп алуу деңгээлине жетиши керек. Андай болбосо абдан кыйын.

- Мынча болду, учурда миграциядагы билим, билимсиздиктин абалына токтолсоңуз.

- Миграцияда билим абдан маанилүү. Эгер мигранттар билимдүү болсо эч качан кор болбой иш таап кетишет. Өзгөчө ар кандай тилди жакшы билгендер үчүн ар бир эшик ачык. Билимсиздик келип эле кыйынчылыктарды жаратат. Мигранттардын билимсиздиги өзүнө гана эмес, өлкөсүнө да кыйынчылык жаратарын көрүп келатабыз.

- Миграциядагы чыгармачыл адамдар жолугуп турасыздарбы? Кандайдыр бир иш-чаралар өтүп турабы?

- Мен жашаган Москвадагы мекендештердин арасында чыгармачыл адамдар абдан көп. Алар менен жолугушуп турганга аракеттенем. Иш-чаралар да абдан көп болуп турат. Ушул жылы эле тумоонун айынан көп жолугушпай калдык. Алар менен сагынышып да калдык окшойт. Жакшы күндөр көп болсо экен деп тилек кылам.

- Учурдагы кырдаалды, негизи эле дүйнөдө болуп жаткан абалды чыгармачылыгыңыз менен чагылдырасызбы?

- Дүйнөдөгү болуп өткөн ар кандай абал болобу, кырдаал болобу адамга сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт. Азыр баарыбыз маалымат дүйнөсүнүн казанында кайнап атпайбызбы. Андыктан кааласаң да, каалабасаң да мындай жагдай чыгармачылык жан дүйнөнү уйгу-туйгу кылып кылып турары шексиз. Учурда жашообузду аңтар-теңтер кылып аласалдырып аткан вирус жагдайынан улам ал тумоону жеңүүдө жан аябай күрөшүп аткан медицина кызматкерлери жөнүндө «Периштелер жерде жашашат» деген ырымды окуй кетейин:

Чын жүрөктөн мээрим сунушат,
Көңүлдөргө такты курушат,
Издебегин көктөн аларды,
Периштелер жерде турушат.

Күйүп-бышып, учуп келишет,
Кыйындыкта жардам беришет.
Өмүрлөрүн сайып иш үчүн,
Арман дүйнө, алар да өлүшөт.

Жылаажындай сонун ырдашат,
Жүрөктөрүн ачып сырдашат,
Өмүрлөрдү алса ажал да,
Өкүттөргө батып ыйлашат.

Үмүт артып баары карашат,
Куткарат деп жанды санашат,
Издебегин көктөн аларды,
Периштелер жерде жашашат.

- Кандай темалар сизди ойго салат, аларга таасир эткен факторлор эмнелер?

- Жаш кезде мекен, сүйүү, аруулук, мекенчилдик темаларда көбүрөөк ой толгосом, азыр бир аз токтолуп ар кандай темаларга философиялык көз карашта карай баштадым. Мурун сезим менен ыр жазсаң, азыр акыл менен карап каласың. Адам карыганда түлкүдөй куу, карышкырдай митаам, сагызгандай сак боло баштайт окшойт. Бирок менин карыгым келбейт. Андыктан ар кандай факторлор үчүн жүрөгүм ачык. Мага бардык факторлор таасир берет. Жакында эле эң сонун адамдар бу жарыктан өтүп кетишти. Кечээ эле жаныңда баарлашып жүргөн адамдарды жоготкондо өмүр жөнүндө өзгөчө ойлоно баштайт экенсиң. Эмесе, ошол өмүр жөнүндө ырды окуй кетейин:

Кызыктуу бир түш белем өмүр деген,
Чалкыган сүйүү менен, көңүл менен.
Мухиттей жакын болуп, закым болуп,
Мөлтүрөп карегимден төгүлбөгөн.

Бул өмүр бир берилген карыз белем,
Кызытып кан кайнаткан жарыш белем?
Милдети бу Кудайдын азап белем,
Жалтактап жолоочудай жашап келем.

Кээде өмүр куу тагдырдын союлундай,
Кээде өмүр махабаттын коюнундай,
Бул өмүр эң бир жакшы түшүмө окшош,
Бул дүйнө ким-бирөөнүн оюнундай.

Мекендин мейкининде толгоно албай,
Жоголгон жолборс сымал комдоно албай,
Тасмадай өмүр өтүп көз алдыман,
Жатамын чала уйкудан ойгоно албай.

Издеткен эркиндикти жеңилбеген,
Көксөткөн кереметти көрүнбөгөн,
Жылт эткен ачуу, таттуу күндөрү бар,
Көз ирмем бир түш окшойт өмүр деген.

- Ырларыңызды окуганымда, алыста жүргөн мигранттын кусалыгын сезем. Сиздин ырларыңыздагы табылга кусалыктай сезиле берет...

- Туура баамдапсыз. Менин ырларымдын негизги өзөгүн кусалык түзөт. Болгондо да Мекенге болгон кусалык. Андыктан бул сезимди жаман деп айта албайм. Кусалык, сагыныч бүткөндө жашоо да бүтөт. Кусалык жөнүндө өзгөчө стилде жазылган бир ырыма токтоло кетейин:

Бу кечте кайрадан ырдаймын, сагынычтын терезесинде…

Жалгыздыктын жан досу ырлар,
Бу кечте мага не шыбыраар...
Асмандай аппак кары себелеген,
Адамга үмүт берип ченебеген.
Бактардай ак кебезге оронушкан,
Мага окшоп кан жолдордо тонолушкан.
Жана да сүйүү катып көкүрөккө,
Сактаган бир кайырсыз жоголуштан...

Кусалыктын кемелери токтоп калган бир
деңиздей, эң акыркы мен токтогон...
Деңиздин толкундары катып сырлар,
Кусалыктар, сагынычтар, кайран ырлар.
Кайдыгердик коргонуна жашырынган,
Каккылап таш дубалын жүрөгүмдүн.
Шыбырап турушса анан,
Мени күткөн алыстагы асылдардай …
Анан бир саам ойгонушуп эскерүүлөр,
Ошол чиркин ташка баткан эскерүүлөр.
Бычактардай сайылып туш тараптан,
Зыркыратып кыйнап турса,
Менин байкуш жүрөгүм,
Тамчылатып ысык канын ыйлап турса…
Ар кечте аны тыңшап, жан дүйнөм сыздап турса ...
Керек беле?

Бул кечте кайрадан ырдаймын кусалыктын терезесинде…

- Учурда эмне менен алексиз?

- Пандемия учурунда бош болуп үйдө отуруп калганымда котормочулук менен алектене баштадым. Өзгөчө азыркы түрк поэзиясы менен прозасынын көрүнүктүү өкүлдөрүн кыргыз окурмандарына тааныштырууну эп көрдүм. Азыркы түрк адабиятынын жаңылыктарын чындыгында биле бербейт экенбиз. Мисалы, менин Мерих Гүнай аттуу жазуучу досум бар. Анын китептери дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которула баштады. Мен да анын «Чардактардын тою» аттуу чыгармасын кыргыз тилине которуп окурмандарга сунмакчымын. Москва шаары кышында суук болгондуктан, декабрь айында туулган жериме келүүнү пландап жатам.

Толук Бек Байзак 1991-1992 жылдары Кыргызтелефильмде режиссёрдун жардамчысы жана КТРКда редактор болуп эмгектенген. 1993- жылы Түркиянын ТРТ телеканалына тиешелүү «Ихлас» фильм продакшн студиясында иштеген. Бир топ жылдар ВВС радиосу жана «Кабар» агенттиги менен кызматташты. Андан кийин узак жылдар бою Стамбул шаарында жашап, логистика багытында эмгектенди. Андан соң Москва шаарында көп жыл жашады. Акыркы айларда Түркиянын Стамбул шаарында котормочулук менен алектенүүдө.

XS
SM
MD
LG