Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

ЖМК: Трамп ондогон адамдарга ырайым берет


Буга чейин бир катар басылмалар Дональд Трамп 20-январда эртең менен Ак үйдөн Флоридадагы өзүнүн Мар-а-Лаго резиденциясына учуп кетерин жазышкан.
Буга чейин бир катар басылмалар Дональд Трамп 20-январда эртең менен Ак үйдөн Флоридадагы өзүнүн Мар-а-Лаго резиденциясына учуп кетерин жазышкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматтык мөөнөтүнүн соңку күнүндө ар кандай кылмыш үчүн айыпталган, соттолгон ондогон адамдарга ырайым бергени жатат.

Өткөн айда ал кеңешчилери баштаган 20дан ашык адамга ырайым берген. Муну анын саясий атаандаштары сынга алган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, Трамптын рейтинги кескин төмөндөп, 34% түздү.

Бир катар басылмалар Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына таянып, Дональд Трамп кызматтык мөөнөтүнүн соңку күнүндө 100дөй адамга ырайым бериши ыктымал экенин жазышты. Азырынча алардын арасында өзүнүн мурдагы таасирдүү жардамчысы Стив Бэннон бар-жогу белгисиз. Ага былтыр АКШ-Мексика чек арасына дубал куруш үчүн акча чогултууда шылуундукка барган деген айып коюлган. Бэннон күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Стив Бэннон.
Стив Бэннон.

Ошондой эле Трамп бул тизмеге жеке адвокаты Руди Жулианини да кошор-кошпосу беймаалым. Жулиани «соңку президенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен коштолду» деп доомат айткандардын сап башында турган.

Бир катар байкоочулар Трамп өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн келечекте кылмыш жоопкерчилигинен сакташ үчүн ырайым бериши ыктымал экенин айтышкан. Бул жагдай боюнча да азырынча кандайдыр так маалымат жок. Муну анын саясий атаандаштары сынга алышкан жана Конституцияга да каршы келерин билдиришкен.

CNN телеканалы Флорида штатындагы белгилүү көз доктур Саломон Мелген Трамптан ырайым алышы ыктымал экенин билдирди. Ал саламаттык сактоо тармагында шылуундук кылган деген айып менен ушул тушта түрмөдө отурат. Өткөн айда куралды мыйзамсыз сактаган деген айып коюлган рэп ырчысы Лил Уэйн да ырайым менен жазадан кутулушу мүмкүн.

Кошмо Штаттарда кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан президенттердин ырайым бериши кадимки көрүнүш. Бирок Трамптын саясий атаандаштары аны «боорукерлик көрсөтүп же соттун катасын оңдоо максатында эмес, саясий өнөктөштөрүнө упай топтоо максатында ырайым берип жатат» деп сындап жүрүшөт.

Трамп өткөн айда ар кандай кылмыш үчүн соттолгон 26 адамга ырайым берген. Алардын арасында анын 2016-жылдагы президенттик шайлоо штабын жетектеген Пол Манафорт, мурдагы кеңешчиси Рожер Стоун жана кудасы Чарльз Кушнер болгон.

Буга чейин бир катар басылмалар Трамп 20-январда эртең менен Ак үйдөн Флоридадагы өзүнүн Мар-а-Лаго резиденциясына учуп кетерин жазышкан. Ошол күнү түштө шайланган президент Жо Байден ант берип кызматка расмий киришет.

Ал арада биринчи айым Мелания Трамп коштошуп видео кайрылуу жарыялады. Анда соңку төрт жылда жасаган иштерин өмүрүндөгү эң сыймыктуу учур катары мүнөздөдү.

Мелания Трамп.
Мелания Трамп.

Алты мүнөттүк видеодо Мелания Трамп аскер кызматкерлерине, пандемия шартында иштеген дарыгерлерге жана башка тармактардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

«Урматтуу мекендештерим! Кошмо Штаттардын биринчи айымы катары кызмат кылуу жашоомдогу эң жогорку жетишкендик болуп калды. Мени өзүнүн боорукерлиги, кайраттуулуугу, сыпайыгерчилиги жана мээримдүүлүгү менен биздин коомду көтөргөн америкалыктар шыктандырды. Соңку төрт жыл эстен кеткис болду. Дональд экөөбүз Ак үйдөн кеткенде менин жүрөгүмө орноп калган адамдар жана алардын сүйүүгө, мекенчилдикке жана чечкиндүүлүккө үндөгөн таржымал-окуялары ар дайым эсимде болот», - деди Мелания Трамп.

Ал арада Жо Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки Европадан жана Бразилиядан келген-кеткендерге коюлган чектөөнү алуу тууралуу Дональд Трамптын билдирүүсүн четке какты. Жен Псаки муну саламаттык сактоо тармагындагы адистердин сунушу менен негиздеди.

АКШ коронавирустан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башында турат. Кошмо Штаттарда бул оору 24 миллиондон ашык адамга жукту, илдет 400 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG