Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Президент Трамп мурдагы кеңешчилерине ырайым берди


Трамп ырайым бергендердин бир Пол Манафорт.
Трамп ырайым бергендердин бир Пол Манафорт.

АКШнын президенти Дональд Трамп ар кыл кылмыш үчүн соттолгон 26 адамга ырайым берди. Президенттин ырайымына киргендердин ичинде Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо штабын жетектеген Пол Манафорт, мурдагы кеңешчиси Роджер Стоун жана кудасы Чарльз Кушнер бар. Мындай чечимди Трамп 23-декабрда кабыл алды.

Саясий технолог жана лоббист Пол Манафорт Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн бир нече ай жетектеп, бирок шайлоого чейин эле бул кызматтан кеткен. Ага чейин Украинада иштеп, бийликтен кулатылган президент Виктор Януковичтин кеңешчиси болгон.

«Проект» басылмасы Манафорт 2005-жылдан соң Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевге АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча кеңеш бергенин жазган жайы бар.

2018-жылы Манафорт салык жашырып, банк мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып жети жылга эркинен ажыратылган болчу. Быйыл жыл башында 71 жаштагы саясий технолог үй камагына чыгарылып, жазасын үй шартында өтөп жатканы кабарланган.

Ал эми республикачы Роджер Стоун АКШдагы шайлоого Орусиянын катышы боюнча иште жалган көрсөтмө бергени үчүн үч жыл төрт айга түрмөгө кесилген. Трамп мурдагы кеңешчисине коюлган айыпты мурдатан эле саясий негизде деп баалап келген.

Ал эми Чарльз Кушнер болсо Дональд Трамптын кызынын күйөөсү жана кеңешчиси Жаред Кушнердин атасы. Ишкер Кушнер 2004-жылы салык төлөөдөн качкан, күбөлөргө басым көрсөткөн деген негиз менен эки жыл түрмөдө отуруп чыккан.

Трамптын саясий атаандаштары соңку чечимдерди сындап чыгышты. Ал эми Нью-Йорк штатынын прокуратурасы Манафортко карата башка иштер боюнча иликтөөнү улантарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG