Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:23

Студенттер жана окутуучулар тууралуу маалыматтар бирдиктүү системага киргизилди


Сабагына даярданып жаткан студент кыз. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Сабагына даярданып жаткан студент кыз. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнү башкаруунун (ББМС) маалыматтык системасына 60 миңден ашуун cтудент жана коллеж кызматкери тууралуу маалыматтар жайгаштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда: «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын максаты - маалыматты топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу. ББМС сапаттуу билим берүүгө жана окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын натыйжалуу пландоого, билим берүүнү андан ары өнүктүрүш үчүн негиздүү чечимдерди кабыл алууга жана багыттарды корректировкалоого мүмкүндүк берет», деп жазылган.

Ошондой эле бирдиктүү системанын өзөгүн окуучулар, окутуучулук курам жана алардын жетишкендиктери, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары жөнүндө маалыматтар түзөт.

Азыркы учурда аталган системага орто кесиптик окуу жайларынын 52 778 окуучусу жана 7 373 кызматкери тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ошондой эле долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтар порталы да түзүлгөн.

Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, өкмөт курамы да дээрлик толугу менен өзгөргөн. Билим берүү жана илим министри болуп Алмаз Бейшеналиев дайындалган. Жаңы министр тармакты санариптештирүү зарыл экенин белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG