Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Боронов: Пандемияга байланыштуу суракка чакырылган болушум мүмкүн


Кубатбек Боронов (тумакчан) суракка кирип бараткан учуру. 12-январь, 2021-жыл.
Кубатбек Боронов (тумакчан) суракка кирип бараткан учуру. 12-январь, 2021-жыл.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка келди.

Ал суракка кирип баратып журналисттерге кайсы ишке байланыштуу чакырылганын билбей турганын, пандемия маалындагы сатып алууга тиешелүү болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок ал кезде өкмөт жакшы иштегенин кошумчалады.

Финансы полициясы ал күбө катары чакырылганын билдирген, бирок чоо-жайын маалымдаган эмес.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Аталган мекеме 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын маалымдаган.

2020-жылдын 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.(SE\AiB\ZKo)

Баасы менен сапаты талкууга түшкөн "Тез жардам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

XS
SM
MD
LG