Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Демократтар көзөмөлдөгөн АКШнын Өкүлдөр үйү Трампты кызматтан эрте кетирүүгө ынтызар


Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийди карай жүткүнүп, полиция менен тирешүүдө. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийди карай жүткүнүп, полиция менен тирешүүдө. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын Конгрессинин демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр үйү президент Д.Трампка карата экинчи импичмент жүрүмүн жарыялоого кызуу даярдыктар көрүүдө. Айрым республикачылар бул кадамды колдоого алса, айрымдары бул аракет өлкөдөгү коомду экиге жиктеп салат деп, демократтарды импичменттен баш тартууга чакырышты.

Кризис жана импичмент чакырыгы

Америка Кошмо Штаттарында 6-январдагы АКШ Конгресси жайгашкан Капитолийге президент Доналд Трамптын жактоочуларынын зомбулук менен убактылуу кирип барышынан кийин курчуган саясий кризис улам жаңы деңгээлге чыгууда.

8-январда АКШнын Конгрессинин демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр үйү 11-январдан (келээрки дүйшөмбүдөн) тартып котолоп чогулган калайыктын Капитолийге чабуул жасаган мыйзамсыз жоругунун шыкакчысы катары президент Трампка импичмент жарыялоо үчүн алгачкы камылгаларды көрүп жаткандыгы кабардалды.

Өкүлдөр үйүнүн спикери, демократ Нэнси Пелосинин 8-январдагы билдирүүсүнө караганда, эгерде вице-президент Майк Пенс жана өкмөт Трампты кызматтан четтетүү үчүн Конституциянын 25-толуктоосун пайдаланбаса, же болбосо, президент Трамп өз ыктыяры менен кызматтан чегинбесе, анда Трампка импичмент жарыялоо үчүн алгачкы кадамдарга даяр тургула, деп Пелоси айым Регламент боюнча комитетке тапшырма берген.

“Эгерде президент ыктыяры менен кызматынан кетпей турган болсо, анда Конгресс биздин иш-аракетибизди жүзөгө ашырууга өтөт”, – деп Пелоси айым таркаткан билдирүүдө айтылат.

Албетте, ансыз да 20-январда (11 күндөн кийин) мөөнөтү бүтүп жаткан Трампты кызматтан кетирүү өтө татаал иш. Өкүлдөр үйү Пелосинин сунушун жактап чыккан учурда деле, республикачылар 100 орунду ээлеп турган 200 орундуу Сенатта импичментти жүзөгө ашыруу үчүн анын мүчөлөрүнүн бери дегенде эле үчтөн эки бөлүгүн тыныгуудан кайра отурумга чакыруу кыйынга турмакчы.

Бирок демократтардын улам көптөгөн мүчөлөрү Трампка каршы импичмент жүрүмүн 11-январда эле баштоого чакырууда.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн спикери, демократ Нэнси Пелоси 8-январдагы демократтардын партиялык курултайында чыгып сүйлөп, азыркы тапта Трампка импичмент жарыялоону колдой тургандар майнапсыз аяктаган биринчи аракеттегиге караганда эки эсе көп, деген пикирин айтты.

8-январда Демократиялык партиянын курултайына чогулган демократ мыйзамчылар Трампка “козголоңго шыкакчы болду” деген доо боюнча импичмент жарыялоо үчүн тийешелүү мыйзамдык чаралардын долбоорун түзүштү.

“NBC News” каналы жарыялаган шилтемеге караганда, бул долбоордо президент Трампка карата Капитолийдеги 6-январдагы “мыйзамсыз жоруктардын келип чыгышына түрткөн билдирүүлөрдү атайылап жасаган”, деген доо да камтылган. Бул тополоңдун айынан 5 киши өмүрүнөн ажырагандыгы да Трампка карата кыжырданууну күчөттү.

Коопсуздук чаралары

Спикер Пелоси айымдын демократтардын курултайы маалында кошумчалаганына караганда, ал 8-январда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабынын башчысы Марк Милли мырза менен сүйлөшүп, “туруксуз акыбалда турган президент аскердик кастыкты көрсөтпөсүн үчүн же өзөктүк чабуулга буйрук кылуу максатында баштооч сырсөзгө колу тийбесин үчүн мүмкүн болгон сактык чараларын” көрүү жаатында талкуу кылган.

“Бул көңүлү бузулуп турган президенттин кырдаалы мындан да коркунучтуу боло албас эле”, – деп Пелоси айым АКШнын конгрессмендерине кат жолдоду.

Генерал Марк Миллинин басма сөз катчысы да Пелоси менен Миллинин өз ара байланышкандыгы тууралуу фактты тастыктады. Генерал Милли өзөктүк чабуулду жүзөгө ашыруу тууралуу чечимди кабыл алуу жүрүмү жөнүндө Пелосинин суроолоруна жооп узаткандыгы тууралуу басма сөз катчысы үстүрт маалымдады.

Байдендин туруму

АКШнын шайланган президенти, демократ Жо Байден азыркы президент Доналд Трамп өз кызматын аткарууга жөндөмсүз болуп калганын 8-январда жарыя кылды. Бирок Байдендин оюнча, Трампка карата АКШ Конгресси экинчи жолу импичмент аракетин баштаар-баштабастыгы жалпы конгрессмендердин чечимине байланыштуу.

Бир эле президентке эки жолу импичмент жарыялоо аракети буга чейин АКШ тарыхында болуп көргөн эмес.

8-январда маалымат жыйынында Байден кабарчыларга: “Мен президент Трамп бул кызматты аркалоого жөндөмсүз экенин абдан эле узак мезгил бою ойлонуп келдим”, – деп сүйлөдү.

Байдендин айтымында, ал өзү президенттик кызматты өткөрүп алып жатканда үч нерсеге өзгөчө сарсанаа болуп турат: коронавирус пандемиясына каршы иштиктүү күрөшүү, америкалыктарга COVID илдетине каршы вакциналарды өтө тездикте үлөштүрүүнү камсыздоо жана Кошмо Штаттардагы экономикалык өсүштү ыкчам жолго салуу.

Ал эми журналисттердин АКШ Конгрессиндеги демократтар Трампка каршы экинчи жолу импичмент аракеттерин 11-январдан тартып расмий баштоо тууралуу ойлонуштуруп жатышкандыгына карата өз туруму тууралуу суроосуна Байден мырза мындайча жооп узатты: “Бул – Конгресстин өзү жасай турган чечим. Мен болсом көңүлүмдүн чордонунда өзүмө тийешелүү жумушту тутуп келем”.

Президент Трамп 8-январда саал мурдараак билдирүү жарыялап, шайланган президент Жо Байдендин 20-январдагы ант берүү аземине катышпай тургандыгын айткан.

Байден болсо муну “жакшы болот” деп баалады жана мөөнөтү бүтүп бара жаткан вице-президент Майк Пенс мырзага бул аземге катышууга ыракым этебиз жана ал бийликтин өткөрүлүп берилишин сыйда уюштурууда көмөк кылууга тийиш, деп кошумчалады.

Республикачылар бөлүнүүдө

Импичмент долбооруна каршы тургандар – республикачылардын арасындагы Трампты өзгөчө колдогон өкүлдөр экени айтылууда. Алардын арасында сенатор Линдси Грэм мырза жана Өкүлдөр үйүндөгү республикачылардын жолбашчысы Кевин МакКарти бар.

Алар демократтарды ансыз да жиктеле түшкөн америкалыктарды ого бетер өйүз-бүйүзгө бөлбөөгө чакырышты.

Импичмент тууралуу долбоорду колдоого өздөрүнүн даяр экендигин республикачы эки сенатор билдиришкени маалымдалды.

Reuters/Ipsos сурамжылоолоруна караганда, америкалыктардын 57 пайызы Трампты дароо кызматтан кетирүүнү жактайт. Сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы Капитолийге өз тарапташтары кол салып жаткан кездеги Трамптын бул окуяга мамилесин жактырбагандыктарын билдиришкен.

Трамп тополоң басылгандан кийинки күнү гана аны айыптап сүйлөгөн.

"Твиттердеги" президент Д.Трампка таандык @realDonaldTrump барагына туруктуу бөгөт коюлду. 2021-жылдын 8-январы.
"Твиттердеги" президент Д.Трампка таандык @realDonaldTrump барагына туруктуу бөгөт коюлду. 2021-жылдын 8-январы.

Коомдук тармактардын бөгөттөрү

Эгерде “Фейсбук” Трамптын барагына январдын 6сында тополоңго байланыштуу убактылуу бөгөт коюп, ал эми 7синде жаңы президенттин ант берүү аземи аяктаганга чейин жабуу тууралуу чечим чыгарган болсо, “Твиттер” компаниясы 6-январда тополоңдон улам Трамптын эсебин убактылуу жаап, ал эми 8-январда аны биротоло жабуу тууралуу чечкендигин шардана кылды.

8-январдагы “Твиттер” компаниясынын билдирүүсүндө зомбулукту шыкактоо тобокелчилигинин олуттуулугунун айынан Трампка таандык (@realDonaldTrump) эсепти биротоло жапкандыктары баса белгиленет.

Ант берүү аземине жолтоо жок

Эми Жо Байден 20-январда АКШнын 46-президенти катары ант бермекчи.

Анын 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгы тууралуу Шайлоочулар коллегиясынын 14-декабрдагы чечими АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр үйүнүн 7-январдын таңкы сааттарында ишин аяктаган биргелешкен отурумунда биротоло күбөлөндүрүлгөн. Ал отурумду вице-президент, республикачы Пенс төрага катары алып барган.

XS
SM
MD
LG