Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Кытайлык миллиардер Жэк Ма көзөмөлдөөчүлөрдү сындаган соң дайынсыз кала берүүдө


«Alibaba» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма Киев эл аралык экономикалык шеринесинде чыгып сүйлөөдө. Киев. 2019-жылдын 8-ноябры.
«Alibaba» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма Киев эл аралык экономикалык шеринесинде чыгып сүйлөөдө. Киев. 2019-жылдын 8-ноябры.

Кытай Эл Республикасындагы миллиардерлердин бири, Интернетте соода-сатык жүргүзгөн «Alibaba» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма эки айдан бери дайынсыз жок болууда. Ал арада расмий Бээжин анын Интернет аркылуу өзгөчө ири көлөмдө соода-сатык уюштуруп келген «Alibaba Group» компаниясын кысмакка алышын улантып жатат.

Жэк Ма (Ма Юн, 1964-жылы туулган) 2018-жылдын ноябрында «Форбс» журналы тарабынан 35,8 млрд доллардын наркы бар байлыктын ээси болгон ишкер катары жарыяланган. Ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши болуп калган.

Эми 2020-жылдын октябрынын акырынан тартып Жэк Ма коомчулук алдында эч чыкпагандыгы тынчсызданууну туудурууда. Акыркы жолу ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөндөөчү мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөн. Мындан соң бийлик «Alibaba» компаниясынын электрондук төлөмдөрдү уюштурган каржылык бутагы болгон «Ant Group» компаниясынын ишмердигине бөгөт коё баштаган.

Кытай Компартиясынын жетекчилиги өз ишмердигине карата ар кандай сынга сабырсыз мамиле жасап келет.

Ал эми Жэк Ма мырзанын 2020-жылдын октябрындагы сынынан соң Кытайдагы ишкердикке көзөмөлдөөчүлөр «Alibaba» компаниясына жана анын кол астындагы «Ant Group» каржылык компаниясына каршы антимонополиялык жактан тергөө ишин баштаган. (TT)

XS
SM
MD
LG