Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

Кытайлык миллиардер Жек Ма шейшембиде кызматынан кетет


Кытайдын эң бай адамы, «Алибаба» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.
Кытайдын эң бай адамы, «Алибаба» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.

«Алибаба» электрондук соода аянтчасынын түптөөчүсү мындай чечими тууралуу былтыр эле жарыялап, 55ке чыгары менен компаниянын жетекчилик кызматынан кетерин айткан. Компаниянын азыркы башкы директору Даниел Чан анын ордун ээлеп, директорлор кеңешинин жетекчилигин 10-сентябрдан тартып жетектеп калат.

Карапайым англис тил мугалиминен техникалык магнатка чейин жеткен Жек Ма өз бизнесин 1999-жылы баштаган. Дүйнө жүзүнө таанымал болгон Ма кызматтан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине көбүрөөк көңүл бурарын айтканы бар.

XS
SM
MD
LG