Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Иран уранды 20% байытуу ишин жандандырганын билдирди


Ирандын түндүгүндөгү Кум шаарына жакын жер астындагы «Форду» ишканасынын сүрөтү. 2019-жылдын 6-ноябры.
Ирандын түндүгүндөгү Кум шаарына жакын жер астындагы «Форду» ишканасынын сүрөтү. 2019-жылдын 6-ноябры.

Иран өкмөтү уранды 20% байытуу ишин жандандырганын билдирди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиейи 4-январда билдиргенине караганда, президент Хасан Роухани «Форду» ишканасында уранды байытуу ишин баштоого буйрук берди.

Муну менен Тегеран 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди дагы бир жолу бузду. 2018-жылы Вашингтон ал макулдашуудан чыгып, санкцияларды калыбына келтиргенден бери Иран Ислам Республикасы милдеттенмелеринен бара-бара баш тартып келатат. Документке ылайык, Иран атомдук программасын, анын ичинде уран байытуу иштерин чектемек, бул үчүн БУУнун өлкөгө карата санкциялары кыйла жеңилдетилмек.

Байытылган уранды реактор үчүн отун катары (тынч максатта), ошол эле маалда өзөктүк курал чыгаруу үчүн да колдонсо болот.

Расмий Тегеран согуштук өзөктүк курал жасоону тымызын көздөгөнү тууралуу дооматтарды ар дайым четке кагып келген.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иран бийлигинин соңку жарыясын ырастай элек. Бирок агенттик Кум шаарына жакын жайгашкан жер астындагы «Форду» ишканасындагы иш-аракетти байкап жатканын билдирди.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин баш катчысы Рафаэл Гросси бул боюнча маалымат бермекчи. Агенттик 1-январда Тегеран уранды 20% чейин байытууну баштай тургандыгы жөнүндө кабардар кылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG