Иран 6-ноябрдан тарта уран байытуучу Фордо заводундагы центрифугаларга газ берүүнү баштады. Бул тууралуу Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
Мамлекеттик телеканал кабарлагандай, бул Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭнин инспекторлорунун катышуусунда жүргүзүлгөн. Уюмдун өкүлү текшерүүчүлөр МАГАТЭнин башкы кеңсесине Иранда жасалып жаткан ар бир иш тууралуу маалымат берип жатышканын айтты.
АКШнын Мамлекеттик департаменти “Ирандын чечимин туура эмес багытка кадам таштоо” деп атап, Иранды “өзөктүк опузалоо” үчүн айыптады. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон муну “кооптуу чечим” деп баалады.
Иран менен дүйнөнүн алты державасы 2015-жылы түзгөн келишимге (JCPoA) ылайык, Фордо заводундагы центрифугаларга газ берүү токтотулган. Ал эми заводдун кубаты азайтылып, кеминде 15 жыл бою уран байытуу жүрмөк эмес. Бирок 5-ноябрда Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран милдеттенмесинин ушул бөлүгүн аткаруудан баш тартарын билдирди:
- Өзөктүк келишимге ылайык Фордодо миң центрифугабыз бар экенин билесиңер. Менимче 1044 болсо керек. Биз "центрифугалар тегеренип иштей берет, бирок ичинде газ болбойт" деп өзөктүк келишимде макулдашканбыз. Мен бүгүн Ирандын атом энергетикалык уюмуна эртеңден тарта газ жүгүртө баштагыла деп буйрук берем.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.
Бирок Кошмо Штаттар былтыр ал келишимден чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы кескин курчуп кеткен.
Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милдеттенмелерин азайтып, айрым шарттарын аткаруудан баш тарта баштаган.
Иран келишимдеги милдеттенмесин аткарбай турганын алгач ирет быйыл майда жарыялаган. Июль айындагы экинчи жарыясында уран байытуунун деңгээлин 3,67% чектен ашыра турганын билдирген. Мындан жогорку деңгээл атомдук куралды жасоого өбөлгө түзүшү ыктымал.
Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.