Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Республикачылар Трампты миллиондогон америкалыктардын түйшүгүн жеңилдетчү мыйзам долбооруна кол коюуга чакырууда


АКШ президенти Дональд Трамп жүзүнөн беткапты алып ыргытты. Сэнфорд, Флорида. 2020-жылдын 12-октябры.
АКШ президенти Дональд Трамп жүзүнөн беткапты алып ыргытты. Сэнфорд, Флорида. 2020-жылдын 12-октябры.

27-декабрда АКШнын Республикалык партиясынын мыйзамчылары президент Дональд Трампты COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюуга багытталган мыйзам долбооруна тез арада кол коюуга чакырышты.
Бул мыйзам долбоору жумушсуздук үчүн миллиондогон америкалыктардын каржылык көмөк алышы боюнча өкмөткө каражат табууга уруксат бермек.

22-декабрда президент Трамп буга чейин АКШ Конгрессинин эки палатасында тең жактырылган мыйзам долбооруна кол койбой турганын айтып, Конгресстеги далай саясатчыларды дендароо кылды.

Бул мыйзам долбоору коронавирус илдетинин айынан жумушсуз калган жана кирешесинин көрсөткүчү уруксат берген тургундарга апта сайын 600 доллар жөлөкпул төлөп туруу шартын да камтыйт.

Трамп болсо бул акча өтө аз, керек болсо ар бир америкалык 2000 доллар акча алышы керек деп билдирди.

Трампты мыйзам долбооруна кол коюуга үндөгөн республикачылардын арасында пенсилваниялык сенатор Пэт Туми да бар. Ал Трампка оболу мыйзам долбооруна кол коюп, андан соң жетишсиз жактарына кошумча каражат издөө орундуу болорун, антпесе өлкө башаламандыкка кептелиши ыктымал экенин эскертти.

Трамп 27-декабрдын кечинде «Твиттер» баракчасында коронавирус илдетинин кесепеттеринен чыгыш үчүн көмөк көрсөтчү мыйзам долбоору жаатында «дурус кабар» бар экенин гана кыйыр маалымдады. (TT)

XS
SM
MD
LG