Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Трамп Конгресстин антикризистик планын сынга алды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясынан улам 900 миллиард долларлык экономикалык жардам пакетин көрсөтүү боюнча Конгресстин чечимин сындады.

22-декабрда «Твиттерге» жарыяланган видеодо Трамп бул документке вето коёрун ачык айтпаса да, пакетте абдан көп жөнү жок чыгымдар камтылганын жана ал америкалыктарга түз жардам албай турганын билдирди.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы антикризистик чаралардын жаңы пакетин кабыл алган. Ага ылайык, мамлекеттен көпчүлүк америкалыктар бир жолу 600 доллардан жардам алат. Ал эми жумушун жоготкондорго кошумча колдоо көрсөтүлөт. Мындан сырткары чакан ишкерликти колдоого 325 миллиард доллар жумшалса, 15 миллиард доллар авиакомпанияларга бөлүнөт.

Трамп көпчүлүк жарандарга 600 доллардан берилерин сынга алып, Конгрессти бул сумманы 2000 долларга чейин көтөрүү боюнча сунуш менен кайрыларын билдирди. Ал Конгрессти жөнү жок чыгымдарды азайтууга чакырып, кайрадан документти иштеп чыгууну сунуш кылды.

Трамп 5593 беттен турган документте жөнү жок чыгым катары башка өлкөлөргө берилчү жардамды, музейлерди жана балык чарбаларын колдоо сыяктуу беренелерди санады.

XS
SM
MD
LG