Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Орусия Колумбиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды


Москва, Кремль.
Москва, Кремль.

Орус бийлиги Колумбиянын Москвадагы элчилигинин эки кызматкерин «нон грат персонасы» деп жарыялады. Мындай кадамга Кремль Колумбия бийлиги орусиялык эки дипломатын өлкөдөн чыгарган соң барды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 23-декабрда Колумбиянын элчисин чакырып, өз чечимин жарыялады.

Буга чейин расмий Богота орусиялык жарандар дипломатиялык алакалар боюнча Вена конвенциясын бузганы үчүн чыгарылганын түшүндүргөн.

Колумбиянын Миграция кызматынын башчысы Хуан Франсиско Эспиносанын маалыматы боюнча, орус дипломаттары 8-декабрда эле өлкөдөн чыгып кеткен.

Буга чейин «Semana» жана «El Tiempo» басылмалары Орусиянын элчилигинин кызматкерлери чалгынчылыкка тиешеси бар деп шек саналганын жазып чыгышкан. Алар Колумбиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика, кен байлыктары жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп жүргөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG