Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Бакиров: Вице-спикерлик кызматта одоно ката кетирген жокмун (видео)


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Мирлан Бакиров кызматтан кетүү тууралуу чечимин спикер жана президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен кеңешип кабыл алганын «Азаттыктын» «Эки бир» маегинде билдирди:

«Үч жылдын ичинде бир нече спикер менен тил табышып, иштеп келдим. Орун басарлык макамында эки багытта иш алып бардым. Алгач эл аралык мамилелер боюнча иштерди тескесем, кийин чарбалык жана парламенттин иш башкаруу аппаратына тийиштүү маселелерге жооптуу болдум. Өтө одоно ката кетирдим деп ойлобойм. Сөздөн жаңылган айрым учурлар болду».

Мирлан Бакиров вице-спикердик кызматын өткөрүп берип жатканын Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында билдирген.

Бир күн мурда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгы тууралуу жазган.

«Өнүгүү- Прогресс» парламенттик фракциясынын сунушуна ылайык депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алганы жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG