- Кыл кыяк аспабын көп эле адамдар түшүнө бербейт. Кантип тандап калдыңыз?
- Кыл кыякты тандап калганыма ата-энем түрткү берген. Музыка дүйнөсүнө тогуз жашымда келдим. Атам ошондо сиңдим экөөбүздү ээрчитип алып Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барган. Ошондо кыл кыякты биринчи көргөм. Ага чейин кыл кыяктын үнүн радиодон гана укчумун да. №73 орто мектепте 3-класска чейин окудум. Ошол кезде музыканттардын кандайдыр бир аспаптарда ойногонуна аябай суктанчумун.
Атам ошону сезсе керек, кийин музыкалык мектепке берди. Алыс экенине карабай күндө өзү жеткирип барчу. Устаттарым Бактыгүл Адышева жана Бакыт Чытырбаев. Алардын чыгармачылыктагы жолумдун ачылышына салымы зор.
- Кыл кыяк менен кандай күүлөрдү чертип жүрөсүз?
- Нукура кыргыз күүлөрүн тартам. Бул аспаптын сыйкыры ушунда, уккан киши күү аркылуу суунун шаркырап акканын, ак куулардын кыйкуулаганын, карышкырдын улуганын, күлүктөрдүн басыгын, кишенегенин, шамалдын сокконун сезе алат.
Азыр заманбап чыгармаларды, обондуу ырларды, чет элдик чыгармаларды кыл кыякка салып ойноп жүрөм. Ар бир чыгарманы маанисине карата сүрөттөгөнгө аракет кылам.
Заманбап обондорго кайрылганымдын себеби, кыл кыяктын мүмкүнчүлүгүн элге көрсөтүп, өз аудиториямды кеңейтким келет. Жеңил обондорго эле кайрылбастан чоң классикалык чыгармаларга кайрылганга аракет кылуудамын.
- Фортепиано менен кыл кыякты биргелештирген чыгарма жаратканыңызды айттыңыз эле. Ал кандай чыгарма? Кантип жаралды?
- Фортепиано менен кыл кыякты айкалыштырып, чет элдик “Сумерки” деген тасманын саундтрегин аткардым. Чогуу окуган пианист жигит бар. Ага сунуштап иштеп чыктык. Кыякты фортепиано менен чоң сахнага эч ким алып чыга элек болчу. Бул нерсени биринчилерден болуп баштагым келди. Экөөнүн тембри эки башка, ошого карабай эки аспапты бирге алып чыктык. Бул эмгегибизди жакында көрүүчүлөрүбүзгө тартуулайбыз.
Мындан бир нече ай мурда казак композитору, дирижеру Ахмет Жубановду эскерүү кечеси 13 мамлекеттин катышуусунда онлайн өткөн. Иш-чарага Молдова, Башкырстан, Орусия, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Индия, Азербайжан, Тайван, Казакстандын өнөр адамдары өздөрүнүн улуттук аспаптары менен катышкан. 13 мамлекеттин өнөр адамдары бир ырды 13 аспапта бир күүнү аткарышкан бул саамалыкка Кыргызстандын атынан Залина Касымова катышкан.
- Жакында эле театр сахнасынан “Үмүт” спектаклинде роль жараттыңыз. Театр актёру болгон кандай экен? Кандай сезимдерди жашадыңыз?
- Спектаклде ойногон образым алгачкы ролум. Ал жерде башкы ролдогу Назира Мамбетова эженин жаш кездеги элесин чагылдырып бердим. Кыяк аркылуу эженин ар бир демин бергенге аракеттендим. Мен үчүн абдан толкунданган, өзгөчө сезимдерди калтырган образ болуп калды.
- Жогорудагы образдан кийин сизде актёрлук өнөр колумдан келет тура деген ойлор жаралдыбы?
- Театр тармагында ушул спектаклден кийин көп жакшы сын-пикирлер айтылды. Бул мен үчүн чоң жаңылык. Өзүмдү башка бир жагынан ачтым. Бул спектакль көптөгөн залкар актёр, актрисалардын элегинен өткөн соң онлайн элге көрсөтүлдү. Байкоочу кеңештин сынынан кийин "сен роль жаратсаң болот экен" деген мактоолорду уктум. Аны эми убакыт көрсөтөт.
- Өнөр дегенди кандай түшүнөсүз?
- Бул кудайдан берилген талант, бапестеп багып алуу керек. “Кудайдан берилди” деп эле жүрө бербей эмгектенүү, изденүү менен өнөрүңдү өркүндөтө аласың.
Чыгармачыл адамдын жашоосу абдан кызыктуу ошону менен бирге түйшүктүү. Алар ар дайым изденип, жан дүйнөсү менен күрөшүп жашайт. Жараткан мага бул өнөрдү “элге жакшы нерсени жеткир” деп берген, аманат катары көрөм. Ошондуктан жаңы нук, дем менен иштеп, элге жүрөктөн түнөк таба тургандай чыгармаларды тартуулагым келет.
Элге кыяк күүсүн уктуруп, аларга руханий азык берип, музыка менен тарбиялай аларыбызга ишенем. Комуздун коштоосунда иш-чараларды өткөрүп жүрөбүз. Быйылкы жылга карата абдан жакшы максаттарым бар эле. Келечекте жалаң кыяктын коштоосунда концерт берүүнү ойлоп жүрөм.
- Кыргыз маданият өкүлдөрү карантинде кыйналгандай болду. Азыр өнөр адамдары кантип күн кечирип жатасыздар, абалыңар кандай?
- Маданияттын абалы чеке жылытпайт. Ар бир чыгармачыл инсан өзү үчүн жанталашып чуркап жүргөн учур. Үч-төрт жерде иштегенге туура келет. Айлыгыңды айткандан уяласың.
Жеке концерттерге, той-топурларга катышып чөнтөгүбүздү толтуруп жашаганга аракет кылабыз.
Өлкөбүздүн абалы белгилүү болгондон кийин айла жок, элибиздин маданиятын жайылтуу вазыйпасын мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аткара беребиз да.