Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланды


Кыргызстанда балдар үчүн жазылган кыргыз тилиндеги чыгармаларга ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, сынак кыргыз тилин өнүктүрүү, аны үйрөнүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.

Ошондой эле мектепке чейинки, кенже, орто класстын окуучулары жана өспүрүм курактагы балдарга арналган эң мыкты поэзия, эң мыкты проза, эң мыкты котормо номинациялары боюнча өткөрүлөт.

Чыгармалар алты нускада, сунуш кат менен кошо берилиши керек.

Сынакка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, мекемелер, ошондой эле балдар адабияты багытында иш алып барган башка уюмдар да катыша алышат.

Чыгармаларын тапшыруу үчүн арыздар министрликтин алдындагы Маданиятты, искусствону жана кесиптик билимди өнүктүрүү департаментинде 20-декабрдан тартып 2021-жылдын 1-мартына чейин саат 09: 00дөн 17: 00гө чейин кабыл алынат.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2021-жылдын 1-июнунда - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат. (MsD)

XS
SM
MD
LG