Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

АКШнын Финансы министрлигинин электрондук байланыш тармагын бузган хакерлер орусиялык деп жоромолдонууда


Издөөгө алынган орус хакерлеринин сүрөттөрү бар көрнөктүн жанында Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) өкүлү Майкл Кристман (оңдо), Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн өкүлү Жон Демерс (солдо) жана ФИБдин директорунун орун басары Дэвид Боудич турат. Вашингтон. 2020-жылдын 19-октябры.
Издөөгө алынган орус хакерлеринин сүрөттөрү бар көрнөктүн жанында Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) өкүлү Майкл Кристман (оңдо), Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн өкүлү Жон Демерс (солдо) жана ФИБдин директорунун орун басары Дэвид Боудич турат. Вашингтон. 2020-жылдын 19-октябры.

Орусиянын хакерлери деп жоромолдонгон хакерлер Кошмо Штаттардын бир катар өкмөттүк тармактарынын Интернет байланыш каражаттарын бир нече ай бою мыйзамсыз ачууга жетишкен. Ал мекемелердин арасында Финансы министрлиги да бутага алынган.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Жон Уллиоттун 13-декабрда айтканына караганда, Кошмо Штаттардын өкмөтү бул кабар менен толук таанышты жана кырдаалды жөнгө салуунун аргасы изделип жатат.

«Reuters» маалымат агенттиги бул окуя тууралуу алгачкы болуп кабарлады. Бул боюнча маалыматы бар расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, хакерлер АКШнын Финансы министрлигинен тышкары Соода министрлигинин Интернет жана санариптик байланыш тармактары үчүн жоопкер болгон агенттигин атайын бутага алышкан. Башка айрым мамлекеттик агенттиктердин Интернет тармактары да маалыматтык жоготууга учурашы ыктымал деген божомол бар.

«Reuters» агенттиги жана «Washington Post» басылмасы билдиргенге караганда, бул чабуулду Орусияга таандык деп шек жараткан хакерлер уюштурган деп жоромол кылынууда. Жогоруда аталган министрликтер менен агенттиктердин ички электрондук кат алмашуу системасын тыңчы катары бузган бул кылмыш бир нече айдан бери жүргүзүлгөн болсо керек жана бул тууралуу эми гана айкын болду, деп айтышты расмий өкүлдөр.

8-декабрда АКШнын кибер коопсуздугу боюнча алектенген «Fire Eye» аттуу компания «өзгөчө жогорку деңгээлде чабуул коё ала турган мамлекет» бул фирманын ички Интернет тармагын бузгандыгы тууралуу маалымдаган болчу. Кибер коопсуздук чөйрөсүн иликтеген көп адистер «Эй-Пи-Ти-29» (APT29) же «Тымпыйган Аюу» (Cozy Bear) деген ат менен таанылган жана Орусиянын чалгын кызматына байланышы бар хакердик топ «Fire Eye» фирмасына коюлган чабуулдун артында турат деп шектенишет.

Орусиянын расмий бийлиги буга чейинки АКШга каршы хакердик чабуулдар тууралуу дооматтарды четке кагып келген. (TT)

XS
SM
MD
LG