Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

"Жигердүү жарандар" долбоорунун натыйжалары сунушталды


USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору кыргызстандыктар үчүн юридикалык жардамга жана жарандык документтер менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракетинин натыйжаларын сунуштады.

10-декабрь - эл аралык адам укуктары күнүнө арналган конференциянын жүрүшүндө айрым аймактарда жашаган адамдарга юридикалык жардам берүүнүн мыкты тажрыйбалары көрсөтүлдү. Ош шаарында өткөн конференциянын катышуучулары жарандык милдеттер жана укуктардын жалпы абалын талкуулашты.

USAID уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын май айынан бери «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында Баткен жана Ош облустарында 94 адамга ID-карта, жалпы жарандык паспорт, туулгандыгы, никеси, мүлккө ээлик кылуу сыяктуу күбөлүктөр алынды. Бул иш беш кесипкөй юристтердин жардамы менен ишке ашты. Алар юридикалык кызматтарды жакшыртуу жана алыскы аймактарда жогорку квалификациялуу адвокаттардын болушун камсыз кылуу максатында долбоордун алкагында ишке тартылган.

Катышуучулардын бири Бахтыяр Ахмедов: «Документсиз жашоо чындыгында кыйын. Мен кант диабетине байланыштуу дарыланып турушум керек. Каражат жагынан кыйынчылык жаралды. «Жигердүү жарандар» долбоорунун жардамы менен документтеримди калыбына келтирип, мамлекеттин эсебинен инсулин терапиясын акысыз алып жатам. Мен үй-бүлөмдүн жалгыз багуучусу болгондугума байланыштуу ден соолугумдан үй-бүлөмдүн оокаты да көз каранды», - деп маалымат берди.

Долбоордун юристтери Ахмедовго жашаган жеринен каттоодон өтүүгө жана жеке идентификация номерин алганга көмөк көрсөтүшкөн.

USAID миссиясынын директорунун милдетти аткаруучу доктор Алдер Барлетт конференцияда буларга токтолду:

«Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча тогуз негизги эл аралык келишимдердин катышуучусу экендиги абдан жакшы. Бул өлкөнүн адам укуктарын илгерилетүүгө болгон умтулуусун чагылдырат. Көптөгөн кыргызстандыктар адам укуктарын мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалана алышы үчүн USAID жарандык коом жана кыргыз өкмөтү менен кызматташууну улантууда».

"Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмесинин башчысы Азизбек Ашуров Оштогу иш-чара учурунда.
"Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмесинин башчысы Азизбек Ашуров Оштогу иш-чара учурунда.

Иш-чаранын катышуучулары – укук коргоочулар, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, Ош облусунун аймактарынан келген «Жигердүү жарандар» долбоорунан юридикалык жардам алуучулар – улуттук укук коргоо институттарынын жана мамлекет тарабынан каржыланган юридикалык жардам кызматтарынын ишин талкуулашты. Алар аярлуу катмардагы жарандардын адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарын иштеп чыгышты.

Конференция гендердик зомбулукка каршы 16-күндүк глобалдык өнөктүктүн алкагында уюштурулду. Бириккен Улуттар Уюму баштаган бул өнөктүк жыл сайын 25-ноябрдан (Аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күнү) 10-декабрга (Адам укуктарынын эл аралык күнү) чейин өткөрүлүп келет.

Оштогу конференциядан тышкары USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жаштар арасында адам укуктары жана эркиндиктери жана гендердик теңчилик идеялары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында Quiz Night интеллектуалдык оюнун да уюштурду.

«Жигердүү жарандар» – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана FHI 360 тарабынан ишке ашырылып жаткан беш жылдык долбоор. Ал ACTED жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Соңку төрт жылдын ичинде долбоордун алкагында 10 миңден ашуун кыргызстандыктарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп, көмөктөшүү мерчемделген.

XS
SM
MD
LG