Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

Соцтармактарда экстремисттик чакырык үчүн шек саналган киши Баткенде кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга таандык видеолорду, сүрөттөрдү жана Сириядагы согушту жактаган видеоматериалдарды таратып жүргөн жаранды Баткендин Кадамжай райондук милициясы кармады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан мааалыматка ылайык, шектүү ошондой эле халифат орнотуу тууралуу чакырыктарды жасап жүргөн.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 315-беренесинин («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») негизинде сотко чейинки териштирүү иши башталды. Ал эми таркатылган маалыматтарга жүргүзүлгөн комплекстүү экспертиза алардын экстремисттик мааниси бар деп тапкан. Ага ылайык, Кадамжай милициясы 10-декабрь күнү райондун Үч-Коргон айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу тургунун кармаган. Шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG