Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Сот Атамбаевди абактан УКМКнын тергөө абагына которууну чечти


Алмазбек Атамбаев соттук процесстердин биринде.
Алмазбек Атамбаев соттук процесстердин биринде.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 абактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот бул чечимди 7-декабрь күнү тараптардын катышуусуз кабыл алып, бүгүн болгону ошону жарыялап койгонун айтты. Ал 10-декабрдагы соттук отурумда мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, сот аны четке какканын да тактады.

Биринчи май райондук соту бүгүн «Батукаев иши» боюнча кайрадан баштапкы отурумун баштаган. Анын жүрүшүндө Атамбаевдин бөгөт чарасын каралары айтылган. Алмазбек Атамбаев өзү сотко жеткирилген жок. Келерки соттук отурум 24-декабрга белгиленди.

Отурумга байланыштуу соттун имаратына мамлекеттин мурдагы башчысынын тарапкерлери чогулуп, аны боштондукка чыгарууну талап кылышты. Түрдүү транспаранттарды кармагандар «Атамбаевге боштондук!» деп кыйкырып турушту.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган.

2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган эле. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес.

Соттун бул чечиминен кийин анын адвокаттары Жогорку соттун Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чечими райондук сотко келип түшүп, алар чечимди Жаза аткаруу боюнча мамлкеттик кызматка жиберүүгө милдеттүү болчу. Алар Атамбаев дароо бошотулушу керек эле деп эсептешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG