Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

2021-жылы өтчү шайлоолорго 858,4 млн. сом каралган


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 2020-жыл.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 2020-жыл.

Келерки жылы президентти, парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлаш үчүн бюджеттен 858,4 млн. сом каралган. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков 10-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын ичинен 3373 млн. сом 10-январга белгиленген президенттик шайлоого жумшалат. Калганы парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого сарпталат.

Новиков референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса, ага сарпталуучу каражат бюджет такталгандан кийин бөлүнөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда 10-январга белгиленген президенттик шайлоого мамлекеттик түзүлүштүн формасын аныктоо боюнча референдумду кошо өткөрүүнү кызматын убактылуу тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаров сунуш кылган. Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо тууралуу мыйзам долбоору 9-декабрда парламентте биринчи окуудан кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоору 10-декабрда экинчи окуудан кароого киргизилген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 5-6-октябрдагы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, алгач президенттик шайлоо, андан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо өтөрү кабарланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө парламенттик шайлоо келерки жылдын май-июнь айларында өткөрүлөрүн маалымдаган. Мындан тышкары 2020-жылы 12-апрелге дайындалган айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG